«Илимдеги кыздар»

«Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду ЮНИСЕФтин «Илимдеги кыздар» долбоорунун алкагында өз ишин баштады. Үч жылдык долбоордун алкагында Фонд STEM компонентинде билим берүү саясатын талдоону жүргүзүүгө ниеттенип жатат. Изилдөөнүн объекти деп – Кыргызстандагы мектептеги жана мектептен тышкары билим берүүнүн абалы, изилдөөнүн предмети деп өлкөдө мектептеги жана мектептен тышкары билим берүү системасы иштешине негиз болгон өзөктүү документтерде STEM идеяларынын жана компоненттеринин (илим, технологиялар, инженерия жана математика) болушу, ошондой эле аларда гендердик өңүттөрдүн талаптары канчалык эске алынганы жана сакталганы аныкталган. Дүйнөдөгү STEM билим берүүсүн уюштуруу боюнча материал изилденет, КРда билим берүү саясатын талдоо жүргүзүлөт, төмөнкүдөй багыттар жана стратегиялык документтер боюнча өз сунуштамаларын изилдөө жана берүү пландаштырылып жатат: - СТЕМ билим берүү 2012-2020-жылдарга Кыргыз Республикасында билим берүүнү өнүктүрүү стратегиясында; - СТЕМ билим берүүсү Кыргызстанда мектептик билимдин мамлекеттик билим берүү стандартында; - СТЕМ билим берүүсү Кыргызстандын Базалык окуу планында; - СТЕМ билим берүүсү Кыргызстандагы мектептик билим берүүнүн табигый-илимий, математикалык жана технологиялык тармактарынын предметтик стандарттарында, типтүү программаларында жана окуу-методикалык комплекстеринде; - СТЕМ билим берүүсү Кыргызстандын мектептен тышкаркы билим берүүсүндө жана СТЕМ билим берүүсү 2020-2040-жылдарга Кыргыз Республикасынын билим берүүсүн өнүктүрүү стратегиясынын долбоорунда. Долбоордун алкагында эмгек рыногун, рыноктун, бизнес-чөйрөнүн жана айымдар ишкерлигинин негизги катышуучуларынын муктаждыктарын талдоо жүргүзүлөт, жумушка кабыл алууда гендердик балансты айкындоо үчүн өнөктөштүк мамилелер белгиленет. СТЕМ жагынан жумуш орундарын түзүү боюнча мамлекеттик саясатты талдоо, СТЕМ жагынан кадрларды даярдоо системасын изилдөө, СТЕМ тармактарын өнүктүрүүнүн келечектери, эмгек рыногун талдоонун натыйжалары STEM чөйрөсүндөгү билим берүүнү жакшыртуу максатында билим берүү секторунун саясатын жана программаларын маалымдоо үчүн колдонулат. Долбоордун алкагында изилденген жана тандап алынган Аялдар ишкер ассоциациялары жана ишканалары Бишкек, Ош шаарларынын, Чүй областынын Аламүдүн жана Ысык-Ата райондорунун максаттуу мектептеринде кыздар үчүн насаатчылык кызмат көрсөтүүлөрүн берет. Ишке тартылган бизнес-ассоциациялар жана насаатчы жеке ишкерлер натыйжалуу насаатчылык жагынан өз билимдерин жана жөндөмдөрүн өркүндөтөт, алар үчүн «Насаатчы үчүн колдонмо» иштелип чыгат, алар мындан ары STEM’деги кыздарды сабаттуу колдоп турушу үчүн окутуучу тренингдер өткөрүлөт. Бардык чараларды ишке ашыруунун жыйынтыктары боюнча насаатчылык курсунан өткөн бери болгондо үч миң кыз STEM’дин артыкчылыгын аңдап-түшүнөт жана STEM’де өз мансабын же билимин улантат деп пландаштырылып жатат. СТЕМ-мугалимдер үчүн маалымат базасы даярдалат, алар үчүн колдомо жана окутуучу модулдар иштелип чыгат, келечекте алар STEM-курстары аркылуу Бишкек шаарынын, Ош шаарынын жана Чүй областынын пилоттук мектептеринде 400 кызды ЖРТ-экзамендерге даярдайт. Тренингдердин, жолугушуулардын сериялары, тегерек столдор өткөрүлөт. Долбоорду маалыматтык колдоонун алкагында кыздар үчүн STEM’ди алга илгерилетүү жана гендердик стереотиптерди жоюу үчүн 4 видеоролик тартылат, «Ийгиликтин таржымалы» китеби чыгарылат.

Долбоордун максаттары:

Программанын максаты – 2022-жылга карата жок дегенде 15 000 кызды, анын ичинде калктын аярлуу катмарындагы жана мигранттардын үй-бүлөсүндөгү кыздарды теңтуштар үчүн тренингдерге катышууга тартуу, бул аларга маалыматтык жана коммуникациялык технологиялар, так илимдер, инженерия жана математика жаатында өз кесибин аңдап-түшүнүп тандап алышы жана кыйла жылдардан бери аларды чеңгээлинен чыгарбай келе жаткан жакырчылыктан чыгып кетүүгө жардам бере алган көндүмдөргө ээ болушуна көмөкчү болот.

Долбоордун өнөктөштөрү

Долбоор документтер

Анализ рынка труда в сфере STEM
Анализ Государственного образовательного стандарта среднего общего образования КР
Анализ Базисного учебного плана школьного образования Кыргызской Республики
Анализ предметных стандартов и учебных программ предметов математической, естественнонаучной и технологической образовательных областей школьного образования

Пресс-центр

Жаңылыктар
Пресс-релиздер
Анонстор жана жарыялар
Чыгыш сөздөр жана докладдар

Пусто

Мултимедиа

Сүрөт галереясы
Видео
Подкасттар

Пусто