Фонд жөнүндө

«Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду – бул коммерциялык эмес, өкмөттүк эмес уюм, ал өлкөнүн социалдык, саясий, экономикалык өнүгүшүнө, ошондой эле Кыргыз Республикасында курчап турган чөйрөгө карата аяр мамилеге салым кошууга кудуреттүү программаларды жана долбоорлорду демилгелөө жана жүргүзүү максатында 2012-жылдын январында түзүлгөн. 

«Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду – кенже курактан тартып өмүр бою өнүктүрүү боюнча программаларды колдоого көмөктөшүүчү инновациялык жана прогрессивдүү идеяларды түзүү жана ишке ашыруу үчүн өнөктөрдү бириктирген платформа. 

Фондду негиздөөчү болуп Кыргыз Республикасынын экс-Президенти, БУУнун Башкы катчысынын алдындагы Медиация боюнча жогорку деңгээлдеги кеңешчилер тобунун мүчөсү, Мадрид клубунун мүчөсү Роза Отунбаева саналат.

Роза Отунбаева

«Биз бүгүнкү күндө өлкөнү куруп жана XXII кылым үчүн ата-мекендин пайдубалын түптөй турган муунду өстүрүп жатабыз. Мезгилдин курч жана динамикалуу көйгөйлөрү биздин алдыбызга күчтүү, заманга шайкеш, чыгармачыл дарамети бар билимдүү, өнүгүүдө алдыңкы өлкөлөрдү кууп жетип, ишенимдүү келечекке карай биздин кыймылыбызды баштай ала турган жаштарды өстүрүү жана тарбиялоо милдетин коюп жатат»

Роза Отунбаева

Фонддун негизги максаттары

  • Адамды өнүктүрүүгө, жарандык катышууну кеңейтүүгө, жарандык коомду чыңдоого көмөктөшүү;
  • Маданий, экологиялык жана кайрымдуулук программаларын жана долбоорлорун жүзөгө ашыруу;
  • Тынчтыкты жаратуу, эл аралык саясий, экономикалык жана гуманитардык кызматташтык маселелери жагынан коммуникативдик аянтчаларды кеңейтүү боюнча демилгелерди колдоо.

Биздин көз карашыбыз

Кыргызстан – гуманизм жана адилеттүүлүк дөөлөттөрүнө негизделген атаандаштыкка кудуреттүү адамдык ресурсу бар, технологиялык жактан алдыңкы өлкө.