Фонддун иш-аракети

Фонд ишин төмөнкүдөй артыкчылыктуу төрт багыт боюнча жүзөгө ашырат:

  • Келечек муунга инвестициялар.
  • Биримдик көп түрдүүлүктө.
  • Демократиялык башкаруу.
  • Туруктуу өнүктүрүү.

Ушул багыттардын алкагында Фонд коомду жана өсүп келаткан муунду өнүктүрүү процесстерине көмөктөшүүчү инновациялык идеяларды жана ыкмаларды сунуш кылган демилгелерге көмөктөшөт.

4 жыл аралыгында Фонд балдарды эртелеп өнүктүрүү темасына артыкчылык берүүнү, кенже класстардагы бардык мектеп окуучуларын ысык тамак-аш менен камсыз кылууну, өлкөнүн мектептерин жашылдандырууну жигердүү алга илгерилетти жана мында өкмөткө жардам берди.

Фонддун фокусунда агартуу чөйрөсү анын: балдарды эртелеп өнүктүрүү, маалыматтык технологияларды пайдалануу, кыз-келиндердин илимге жана техникага катышуусу, экологиялык тарбиялоо жана агартуу, ар түрдүү коммуникациялык аянтчаларды түзүү, билимдерди жана тажрыйбаны алмашуу, бүткүл өлкө боюнча маалымат алмашуу сыяктуу аспекттеринде өзгөчө турат.

Фонд көркөм өнөрдүн, музыканын, адабияттын жана элдик кол өнөрчүлүктүн балдар үчүн, ошондой эле кеңири коомчулук үчүн жеткиликтүүлүк деңгээлин колдоого көп көңүл бурат.

Негизделген учурдан бери Фонд ар түрдүү өнөктөр менен бирдикте жүз миңдеген адамдарды камтуу менен бүткүл өлкө боюнча 30дан ашык долбоорду демилгеледи жана ишке ашырды.