2016-жыл: STEM

October 30, 2022, 22:54

Сабаттуулук темасы, анын ар кандай аспекттеринде, фонддун көптөгөн долбоорлорунун максаты болуп калууда. Кыз-келиндердин компьютердик сабаттуулугу, алардын илимге жана техникага катышуусу – бул STEM долбоорунун максаты.


STEM билим – бул билимдүү айым – билимдүү балдар – билимдүү өлкө.


Долбоордун алкагында 2016-жылдын ичинде төмөнкүдөй иш-чаралар өткөрүлдү:

2016-жылдын 11-январында STEM’дин кышкы мектептери Кыргызстандын 5 регионунда (Нарын, Каракол, Талас, Ош, Баткен) старт алды, алардын максаты жогорку класстардагы окуучу кыздарды математика, информатика, физика, химия сыяктуу так илимдерге окутуу болду, бул аларды техникалык адистиктерге тапшырууга даярдайт.


Мындан тышкары, январда Баткенде жана Ошто мугалим айымдар үчүн компьютер сабаттуулук мектеби иштеди, ал компьютер жана интерактивдүү доска менен иштөө жагынан кыз-келиндердин жөндөмдөрүн арттырууга чакырылган. Кышкы мектепти өткөрүүнүн бүткүл убактысынын ичинде жогорку класстардагы 194 окуучу кыз жана 110 мугалим айым окутулду.


И.Раззаков атындагы КМТУнун алдындагы Кыргыз-Герман Техникалык Институтунун (КГТИ) базасында 2016-жылдын 26-январынан тартып 5-февралына чейин өткөн, жаңы конуштардын мектептериндеги окуучу кыздар үчүн STEM’дин Бишкектеги кышкы мектеби жогорку класстардагы окуучу кыздарда зор кызыгууну пайда кылды, бирок бардык каалоочуларды камтый алган жок. Ошондуктан STEM’дин кошумча жазгы мектебин өткөрүү жөнүндө чечим кабыл алынды.


2016-жылдын 6-апрелинде математика, физика, химия, информатика боюнча окутуудан өткөн, ошондой эле И.Раззаков атындагы КМТУнун жетектөөчү окутуучуларынан техникалык багытта мансапты пландаштыруу боюнча консультацияларды алган Бишкек шаарынын жаңы конуштарындагы мектептердин жогорку класстарынын окуучу кыздары үчүн табигый-техникалык сабактардын (STEM) жазгы мектебинин ачылышы болду.