“Илимдеги кыздар” долбоорунун алкагында пилоттук 50 мектептин иштелип чыккан стратегиялык өнүгүү пландарына гендер сезимталдуулук аспектилери жана STЕМ билим берүүсү камтылды
November 14, 2024, 10:532024-жылдын 13-ноябрында И. Арабаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик университетинде "Илимдеги кыздар" долбоорунун II фазасынын алкагында пилоттук мектептердин стратегиялык өнүгүү пландарынын жана практикалык колдонмонун презентациясы өттү.
Иш-чарага БУУ Балдар фондусунан аталган долбоордун координатору Турмаматова Ж, КР Билим берүү жана илим министрлигин Мектептик, мектептен тышкаркы жана кошумча билим берүү башкармалыгынын башчысы Козуев Б.С, Кыргыз билим берүү академиясынын вице-президенти Музулманов М.У, Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институтунун директору Токтомамбетов А.Д., Облустук усулдук борборлордун өкүлдөрү, пилоттук мектептердин директорлору, райондук билим берүү бөлүмдөрүнүн башчылары, өкүлдөрү, Эксперттер жана массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү катышышты.
“Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фондунун аткаруучу директору Роза Кайыкова бул долбоор коомдун өнүгүүсүнө чоң салым боло алаарын белгиледи:“Биз заманбап билим берүүнүн инновациялык чечимдерин, инновациялык долбоорлоо ыкмаларын,гендердик аспектилерди эске алып STEM билим берүү компоненттерин кошуу менен мектептердин стратегиялык өнүгүү пландарын иштеп чыгууну үйрөтүү, иштеп чыгуу жана кыздардын илимге болгон кызыгуусун күчөтүү,алардын келечекке ишенимин арттыруу максатыбызга жетебиз деп ишенем”-деди
Жыпара Турмаматова - ЮНИСЕФтин гендердик программасынын менеджери долбоордун архитектурасы жана андагы өнүгүү пландын оруну тууралуу маалымат берип, бул аракеттер аркылуу кыздарды заманбап дүйнөнүн талаптарына даярдоо максатында иш аткарылып жаткандыгын белгиледи: «Жакынкы келечекте көптөгөн кесиптер жок болуп кетет, андыктан кыздардын ийгилиги алардын тыңдыгына жана активдүүлүгүнө байланыштуу болот. Алар өз мүмкүнчүлүктөрүн ишенимдүү пайдаланып, билимдүү жана өжөр болгондо гана ар кандай тармактарда алдыга чыгышат».
Ошондой эле колдонмо иштеп чыгуу техникалык тапшырмада болбогонун, продукт Фонд тарабынан демилгеленип иштелип чыкканын баса белгилеп, ыраазычылыгын билдирди.
КР Билим берүү жана илим министрлигинин мектептик, мектептен тышкаркы жана кошумча билим берүү башкармалыгынын башчысы Бакыт Козуев аткарылган иштер үчүн долбоордун командасына ыраазычылык билдирип, замандын талабына ылайык мектептердеги STEM тармагын өнүктүрүү аракеттери министрлик колдой турганын белгиледи: ““Роза Отунбаеванын демилгеси” Фонду бул пландарды министрликке жолдой турган болсо, биз аларды кеңири колдонууга, өлкө боюнча мектептерге үлгү катары сунуштоого даярбыз жана бул демилгени колдоого кызыкдарбыз” - деди Бакыт Козуев.
Долбоордун эксперти Жеңиш Урумов долбоор алкагында мектептин стратегиялык өнүгүү пландарын иштеп чыгуу боюнча иш-аракеттер тууралуу маалымат берди. Ошондой эле гендер боюнча эксперт биология илимдеринин кандидаты , И.Арабаев атындагы мамлекеттик университетинин ардактуу профессору Чынара Давлетова “Гендердик сезимталдуу пландаштыруу” темасында презентация жасады.
Ысык-Ата районунун М.Койбагаров мектебинин директору мектептин стратегиялык планын иштеп чыгуу жана иш-чараларын турмушка ашыруу жаатындагы тажрыйбасы тууралуу маалымдады.
Абакир Мамытов - эксперттик топтун жетекчиси , педагогика илимдеринин доктору, профессор,стратегиялык өнүгүү пландарын иштеп чыгуудагы КР Билим берүү министрлиги, жергиликтүү башкармалары жана квалификацияны жогорулатуу институттары тарабынан көңүл бурулуучу жагдайлар тууралуу белгиледи.
Баткен облусунун Кызыл Кыя шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Дамира Матосмонова жана Нарын облусунун Ат-Башы райондук билимс берүү бөлүмүнүн башчысы Орозмамбет Солтобаев долбоор алкагындагы аткарылган иштердин натыйжалары тууралуу маалымат беришип фонддун аракеттери үчүн ыраазычылыктарын билдиришти.
Долбоор алкагында даярдалган практикалык колдонмо долбоорго кирбеген мектептерге таратылды.КР Билим берүү жана илим министрлиги, жергиликтүү билим берүү бөлүмдөрү жана квалификацияны жогорулатуу институттары үчүн билим берүү уюмдарындагы стратегиялык пландарды иштеп чыгуу жана бекитүү жаатындагы алдыңкы тажрыйбаны колдоо жана өнүктүрүү боюнча практикалык сунуштар берилди.
ЮНИСЕФтин "Илимдеги кыздар" долбоорунун экинчи этабын 2023-жылдын апрелинен тарта 50 пилоттук мектепте "Роза Отунбаеванын демилгеси" фонду, Балдарды коргоо борбору, БААУ инновациялык колледжи жана Энактас Кыргызстан уюмдары менен өнөктөштүктө ишке ашырууда.