Элдар Айтматов окуучуларга китеп окуп берип, атасынын насааттары менен бөлүштү

December 2, 2024, 06:11

2024-жылдын 29-ноябрында  Чүй облусунун Ивановка айылындагы Ч.Айтматов атындагы №1-гимназиясында "Роза Отунбаеванын демилгеси" эл аралык коомдук фонду тарабынан уюштурулган "Жылдыздар балдарга китеп окуйт" аттуу акция болуп өттү. Иш — чаранын негизги өзгөчөлүгү улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун уулу Элдар Айтматовдун катышуусу болду, ал мектеп окуучуларына атасынын чыгармаларын окуп берди. 

 

Элдар Айтматов 4-класстын окуучуларына "Карагул Ботом" жомогун окуп, андан соң чыгарманын негизги идеясын балдар менен талкуулады. Интерактивдүү маекте балдар Элдар Чынгызовичтин балалыгы, атасы айткан сүйүктүү жомогу жана кыялдары тууралуу көп маалымат алышты. 

 

Чынгыз Айтматовдон насаат: Элдар балдарга атасынан алган эки маанилүү кеңешти берди: максатка умтулуу жана уйку режимин сактоо — эрте жатуу жана эрте туруу. 

Ошондой эле Элдар Айтматов мээнин өнүгүшүнө салым кошкон музыка жана живописке кызыгуунун маанилүүлүгүн баса белгиледи. 

 

Окуучу кыз Разибаева Жасмина "Чыпала бала" жомогун айтып берип, белекке китеп алды.Мектептин китепканасы Элдар Чынгызович берген Чыңгыз Айтматовдун жомоктор жыйнагы менен толукталды. 

Ошондой эле балдар үчүн жомокту Элдар Айтматовдун жубайы Сабира Айтматова да окуп берди. 

 

Иш-чарада балдар улуу жазуучунун чыгармачылыгы менен эле таанышпастан, жаңы жетишкендиктерге да шыктанышты. Элдар Айтматов ошондой эле Чыңгыз Айтматов атындагы маданий жана экспозициялык борбор куруу кыялы менен бөлүштү. 

 

"Жылдыздар балдарга китеп окуйт" акциясы дагы бир жолу китеп окуу өнүгүүнүн ачкычы экендигин көрсөттү, ал эми жеке мисалдар балдарды адабиятты баалоого жана жаңы бийиктиктерге умтулууга шыктандырды. 

 

"Роза Отунбаеванын демилгеси" ЭКФ Элдар Айтматовго жана анын жубайы Сабира Айтматовага акцияга активдүү катышкандыгы жана өсүп келе жаткан муундун китеп окууга болгон кызыгуусун арттырууга кошкон баалуу салымы үчүн чын жүрөктөн ыраазычылык билдирет. Алардын балдар менен болгон жылуу мамилеси, суроолорго чын жүрөктөн жооп берүүсү жана берген акылмандыгы иш-чаранын бардык катышуучулары үчүн шыктануу булагы болуп калды. 

 

Ивановка айылындагы Ч.Айтматов атындагы №1-мектепке жана анын педагогикалык жамаатына меймандостугу жана акцияны уюштурууга көмөк көрсөткөндүгү үчүн өзгөчө ыраазычылык билдиребиз.