"Татыктуу жашоонун негизи-ынтымак"аттуу поэзия кечеси болуп өттү
December 2, 2024, 06:57Иш-чара "Роза Отунбаеванын демилгеси" Эл аралык коомдук фонду тарабынан "Гендердик зомбулукка каршы 16 күндүк кампаниянын"алкагында "Татыктуу жашоо" долбоорунун катышуучулары үчүн уюштурулду.
Бул кечеде Кыргызстан Жазуучулар Союзунун белгилүү мүчөлөрү — Улукбек Омокеев менен Афина Бакированын чыгармалары жаңырды.
Иш-чаранын көркүн Рыспай Абдыкадыров атындагы клубдун мүчөсү Тилекмат Касияровдун аткарган обондуу чыгармалары чыгарды.
Поэзия кечесинин жана гендердик зомбулукка каршы 16 күндүк акциянын маанисин Ысык-ата райондук мамлекеттик администрациясынын социалдык коргоо бөлүмүнүн башчысы Балбакова А.А., жана Ысык-ата районунун профсоюздар комитетинин жетекчиси Тыныбекова Б.К., белгилешти.
2016-жылдан бери фонд КРнын экс-президенти Роза Исаковна Отунбаеванын демилгеси менен 49 поэзия кечесин уюштуруп, ага 120 акын катышты. 29-ноябрда өткөн кече 50-мааракелик иш-чара болду.
Бул демилге белгилүү жана жаш акындардын чыгармачылыгын жайылтууга, ошондой эле жарандардын маданий жана агартуучулук эс алуусун өнүктүрүүгө багытталган.