Роза Отунбаева ololoPlanet те Ооганстандагы кырдаал боюнча ачык лекция өттү

November 28, 2024, 08:09

2024-жылдын 23-ноябрында БУУнун Башкы катчысынын Афганистан боюнча атайын өкүлү жана БУУнун Ооганстандагы миссиясынын башчысы (UNAMA), Кыргыз Республикасынын экс-президенти Роза Отунбаева Бишкекте Ооганстандын азыркы абалына арналган ачык лекция менен чыгып сүйлөдү. 


Ал өлкөнүн алдында турган негизги кыйынчылыктарга, анын ичинде ички саясий карама-каршылыктарга, тышкы күчтөрдүн таасирине жана татаал экономикалык кырдаалга токтолду. Ошондой эле билим алуу жана саламаттыкты сактоо, адам укуктарын коргоо сыяктуу гуманитардык маселелерге өзгөчө көңүл бурулду. 


Роза Отунбаева UNAMA кызматынын аймактагы тынчтыкты жана туруктуулукту сактоодогу ролун баса белгиледи. Ал учурдагы көйгөйлөрдү жоюу үчүн дипломатиялык аракеттерге өзгөчө көңүл буруу менен натыйжалуу эл аралык кызматташтыкты түзүү зарыл экенин белгиледи. 


Лекциядан кийин катышуучулар суроолорун берип, кызуу талкуу жүрдү. Угуучулардын көпчүлүгү эл аралык мамилелер факультетинин студенттери. Роза Исаковна аларга дипломатияны изилдөө менен чектелбөөгө чакырды. Ал ар кандай тармактардагы адистердин, анын ичинде авиация инженерлери жана учкучтар сыяктуу техникалык кесиптердин маанилүүлүгүн баса белгилеп, БУУ-бул жалпы максат менен бириккен, ар кыл багыттагы адистердин командасы экендигин эске салды.