Беловодск айыл өкмөтүнүн Үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу боюнча комитети үчүн тренингдер башталды

May 15, 2024, 07:53

12-майда Беловодск айыл өкмөтүнүн Үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу боюнча жергиликтүү комитети үчүн семинар өткөрүлдү.

 

Бул Беловодск жергиликтүү комитети үчүн экинчи семинар. Комитеттин мүчөлөрү жана айыл өкмөтүнүн активи үй-бүлөлүк зомбулук жагындагы статистика жана кырдаал, үй-бүлөлүк зомбулуктан коргоо жагындагы мыйзамдар менен, жергиликтүү комитеттин максаттары, милдеттери жана функциялары менен таанышты. Ошондой эле семинардын машыктыруучусу Гульбарчын Жумабаева гендердик жана үй-бүлөлүк зомбулуктун түрлөрү жөнүндө айтып берди.

 

Кыргызстанда болуп жаткан үй-бүлөлүк зомбулуктун ар күндөгү учурлары үй-бүлөлүк зомбулукка каршы күрөшүү боюнча өтө чечкиндүү чаралар зарыл экендигине ынандырып турат. Комитеттин ар бир катышуучусу сылык, түшүнүктүү, үй-бүлөлүк зомбулуктун курмандыктарына жан тарткан адам болушу өтө маанилүү! Эркектер, ошондой эле аялдар, анын ичинде чечим кабыл алуучулар, милиционерлер, судьялар, дин өкүлдөрү, медициналык кызматкерлер, билим берүү системасынын өкүлдөрү, кырдаалды зордукчунун же агрессордун көзү менен эмес, үй-бүлөлүк зомбулуктун курмандыгынын көзү менен көрүшү, ар бирибиз – Кыргызстандын жарандары зомбулуктун ар кандай көрүнүшүнө келишпес болушу маанилүү. Ушул гана үйдү жана коомду ар бир адам – балдар менен чоң кишилер, аялдар менен эркектер, балдар менен кыздар, улгайгандар, майыптыгы бар адамдар үчүн коопсуз кылууга мүмкүндүк берет!

 

Семинарлар «Үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу үчүн Чүй областында үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу боюнча комитеттердин мүчөлөрүнүн гендердик сезимталдыгын жогорулатуу» долбоорунун алкагында өткөрүлүп жатат, аны АКШнын Кыргызстандагы Элчилиги финансылоодо.