STEM4ALL x MENTORING HER: финансылык сабаттуулук боюнча лекция өттү

January 22, 2024, 11:28

2024-жылдын 16-январында STEM4ALL x Mentoring Her долбоорунун алкагында «Финансылык коопсуздуктун негиздери» темасына лекция өттү. Иш-чара илим, технология жана инновация жагынан кыз-келиндер үчүн финансылык туруктуулукту өнүктүрүү жана ишенимдүү финансылык келечекти курууга окутуу максатында уюштурулду.

"ДосКредо Банктын" адиси Назира Бирназарова иш-чаранын лектору болду. Ал катышуучуларга өздөрүнүн финансысын натыйжалуу башкаруу үчүн баалуу инструменттерди берип, финансылык сабаттуулук жагынан практикалык билимдери менен бөлүштү.

Лекцияга 24 онлайн-угуучу катышты. Бардык катышкандар өздөрүнүн күндөлүк ишинде алар колдоно ала турган баалуу инсайттар үчүн STEM4ALL x Mentoring Her долбооруна ыраазычылык билдирди.

Лекциянын жазуусу шилтеме боюнча жеткиликтүү

Бул лекция STEM4ALL x Mentoring Her насаатчылык программасынын алкагында окутуучу иш-чаралар циклинин бир бөлүгү болуп калды.

1. Тайм-менеджмент боюнча лекциялар

2. “Кыялдансаңболот” жүйөлөштүрүлгөн лекциясы

3. "Сын көзменен ой жүгүртүүнүн негиздери" лекциясы

4. "Эмоциялык Интеллекттин негиздери" лекциясы 

Байланыш:

Устаттык программасына байланыштуу бардык маселелер боюнча долбоордун координаторуна кайрылыңыздар stem4all@roza.kg 

ЖМК үчүн байланыш-Айнагүл Абдрахманова, ПРООН,   ainagul.abdrakhmanova@undp.org

  “STEM4ALL x Mentoring Her” долбоору тууралуу:

“STEM4ALL x Mentoring Her” долбоору тууралуу:

БУУӨПтүн Кыргызстандагы STEM жаатында аялдардын керектөөлөрүн баалоо” (2023) отчетуна жооп катары Бириккен Улуттар уюмунун Өнүктүрүү Программасы демилгеленген "STEM4ALL x Mentoring Her" долбоору “Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фонду тарабынан Япония өкмөтү каржылаган Digital x Scale Accelerator  программасынын алкагында ишке ашырылууда.Долбоор STEM (Science-Technology-Engineering-Math) тармагындагы айымдар жана кыздардын көйгөйлөрүн чечүүгө багытталган. Өнөр-жай жана коомчулуктун лидерлерин насаатчылардын колдоосу менен байланыштырып, демилге жеке жана кесиптик өсүүгө көмөктөшөт. STEM4ALL келечектеги тез өнүгүп келе жаткан тармактарда аялдарга ийгиликке жетүүгө мүмкүнчүлүк берет. #STEM4ALL БУУӨПтүн Кыргызстандагы ишмердүүлүгү жөнүндө көбүрөөк билүү бул жактан болот.