«Жүрөктү жылыткан поэзия». «Үмүт үйүндө» Эл аралык улгайган адамдар күнүнө арналган поэзия кечеси өтөт
September 28, 2026, 18:06
«Жүрөктү жылыткан поэзия»
«Үмүт үйүндө» Эл аралык улгайган адамдар күнүнө арналган поэзия кечеси өтөт
2026-жылдын 1-октябры, Бишкек шаары — Эл аралык улгайган адамдар күнүнө карата Бишкек шаарындагы улгайган адамдар жана ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдар үчүн муниципалдык социалдык стационардык мекеме — «Үмүт үйүндө» поэзия кечеси жана чыгармачылык жолугушуу өтөт.
Иш-чараны «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду уюштурат.
Кеченин өзгөчө коногу — Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу, драматург, театр актрисасы, акын, тележурналист, продюсер жана сценарист Жеңишкүл Өзүбекова. Ал өзүнүн поэзиялык чыгармаларын тартуулап, «Үмүт үйүнүн» тургундары менен баарлашат.
Поэзия аркылуу кеченин катышуучуларына жакшы маанай тартуулап, алардын жүрөгүнө жылуулук, көңүл буруу жана урмат-сый тартуулоо — иш-чаранын негизги максаттарынын бири.
Эл аралык улгайган адамдар күнү жыл сайын 1-октябрда белгиленет. Бул күн улуу муундун коомдогу ордун жана баалуулугун баса белгилеп, алардын бай турмуштук тажрыйбасына, акылмандыгына жана коомго кошкон салымына көңүл бурууга чакырат.
«Үмүт үйүндө» өтө турган поэзия кечеси — бул жөн гана адабий жолугушуу эмес. Ал муундар ортосундагы байланышты бекемдөөгө, улуу адамдардын көңүлүн көтөрүүгө жана аларга коом тарабынан камкордук менен урмат көрсөтүлүп жатканын сездирүүгө багытталган жылуу жолугушуу болот.
Поэзия — адамдын жүрөгүнө түз жеткен өнөр. Ыр саптары, эскерүүлөр жана жандуу баарлашуу аркылуу кеченин катышуучулары өздөрүнүн сезимдери жана жашоо тажрыйбалары менен бөлүшүүгө мүмкүнчүлүк алышат.
«Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду адамдын кадыр-баркын,
муундар аралык байланышты жана коомдогу өз ара урмат-сыйды бекемдөөгө
багытталган демилгелерди колдоону улантууда.