"Кыялданууга жана кыялдардын орундалышына уруксат бер" аттуу лекция өттү

January 14, 2024, 11:43

2024-жылдын 12-январындаинновациялык борбордо "Кыялданууга жана кыялдардын орундалышына уруксат бер" аттуу лекция өттү. Иш-чара STEM4ALL x Mentoring Herдолбоордун катышуучулары, менторлор-насаатчылар жана менти-шакирттер үчүн уюштурулду.

Лектор, бизнес-айым Жамила Иманкулова жеке жана кесиптик кыялдарга жетүүнүн негизги кадамдары, ошондой эле аларды конкреттүү натыйжаларга айлантууга жардам берүүчү стратегиялар жөнүндө айтып берди.

Лекция ошондой эле ZOOM платформасы аркылуу онлайн режиминде жеткиликтүү болуп, иш-чарага сайттан тышкары кеңири аудиторияга кошулууга мүмкүн болуп, жалпысынан лекцияны 46 адам укту, алардын ичинен 26 онлайн катышты, 20 офлайн катышты.

STEM4ALL x Mentoring Her насаатчылык программасынын алкагында “жумшак көндүмдөрдү” өнүктүрүү максатында бир катар лекциялар уюштурулду. Шилтемелерди пресс-релиздерден тапсаңыз болот:

1. Тайм-менеджмент боюнча лекциялар болуп өттү

2. Лидерликтин негиздери боюнча лекция өттү

3. Сынчыл ой-жүгүртүү боюнча лекция өттү


Байланыш:

Устаттык программасына байланыштуу бардык маселелер боюнча долбоордун координаторуна кайрылыңыздар stem4all@roza.kg 

ЖМК үчүн байланыш-Айнагүл Абдрахманова, ПРООН,   ainagul.abdrakhmanova@undp.org

 “STEM4ALL x Mentoring Her” долбоору тууралуу:

БУУӨПтүн Кыргызстандагы STEM жаатында аялдардын керектөөлөрүн баалоо” (2023) отчетуна жооп катары Бириккен Улуттар уюмунун Өнүктүрүү Программасы демилгеленген "STEM4ALL x Mentoring Her" долбооруРоза Отунбаеванын демилгесиЭл аралык коомдук фонду тарабынан Япония өкмөтү каржылаган Digital x Scale Accelerator  программасынын алкагында ишке ашырылууда.Долбоор STEM (Science-Technology-Engineering-Math) тармагындагы айымдар жана кыздардын көйгөйлөрүн чечүүгө багытталган. Өнөр-жай жана коомчулуктун лидерлерин насаатчылардын колдоосу менен байланыштырып, демилге жеке жана кесиптик өсүүгө көмөктөшөт. STEM4ALL келечектеги тез өнүгүп келе жаткан тармактарда аялдарга ийгиликке жетүүгө мүмкүнчүлүк берет. #STEM4ALL БУУӨПтүн Кыргызстандагы ишмердүүлүгү жөнүндө көбүрөөк билүү бул жактан болот.