«Тайм менеджмент» темасында лекциялар өттү

January 13, 2024, 09:52

2023-жылдын 10-11-январында БААУда “Убакытты башкаруу” боюнча лекциялар өткөрүлдү. “STEM4ALL x Mentoring Her” насаатчылык программасынын бир бөлүгү болгон бул лекциялар технология, илим жана инновация жаатында кыздар менен аялдардын жумшак көндүмдөрүн өнүктүрүүгө багытталган.

Иш-чаралар «Роза Отунбаеванын демилгеси» Фонду тарабынан Кыргызстандагы БУУнун Өнүктүрүү Программасынын демилгеси менен Япония өкмөтү тарабынан каржыланган Digital x долбоорунун алкагында уюштурулду.

Иш-чаранын лектору – БААУнун убакытты башкаруу боюнча жетектөөчү адиси, профессор Гүлнара Курманова.

Профессор Гүлнара Курманова катышуучуларды тайм-менеджменттин негиздери менен тааныштырып, өзүнүн кесиптик тажрыйбасы менен бөлүшүп, катышуучуларды күнүмдүк жашоосунда алган билимдерин колдонууга шыктандырды. Анын билими жана кеңештери убактысын оптималдаштырууга жана жаңы бийиктиктерге жетүүгө умтулгандар үчүн колдонмо болуп калды.

Лекцияларга 76 адам катышты, алардын ичинде 25 оффлайн, 51 катышуучу онлайн кошулду. Угармандар STEM4ALL x Mentoring Her долбооруна өздөрүнүн билимин байытуу жана убакытты башкаруу көндүмдөрүн жакшыртуу мүмкүнчүлүгү үчүн ыраазычылык билдиришти.

Лекцияны төмөнкү шилтемеден көрө аласыз: https://www.youtube.com/watch?v=6B1G4s966nk

Байланыш:

Устаттык программасына байланыштуу бардык маселелер боюнча долбоордун координаторуна кайрылыңыздар stem4all@roza.kg 

ЖМК үчүн байланыш-Айнагүл Абдрахманова, ПРООН,   ainagul.abdrakhmanova@undp.org

“STEM4ALL x Mentoring Her” долбоору тууралуу:

БУУӨПтүн Кыргызстандагы STEM жаатында аялдардын керектөөлөрүн баалоо” (2023) отчетуна жооп катары Бириккен Улуттар уюмунун Өнүктүрүү Программасы демилгеленген "STEM4ALL x Mentoring Her" долбоору “Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фонду тарабынан Япония өкмөтү каржылаган Digital x Scale Accelerator  программасынын алкагында ишке ашырылууда.Долбоор STEM (Science-Technology-Engineering-Math) тармагындагы айымдар жана кыздардын көйгөйлөрүн чечүүгө багытталган. Өнөр-жай жана коомчулуктун лидерлерин насаатчылардын колдоосу менен байланыштырып, демилге жеке жана кесиптик өсүүгө көмөктөшөт. STEM4ALL келечектеги тез өнүгүп келе жаткан тармактарда аялдарга ийгиликке жетүүгө мүмкүнчүлүк берет. #STEM4ALL БУУӨПтүн Кыргызстандагы ишмердүүлүгү жөнүндө көбүрөөк билүү бул жактан болот.