«Жылдыздар балдарга китеп окуйт»: балдар жазуучусу Гүлназ Асакеева Бишкек шаарындагы № 83 жалпы билим берүү орто мектептин окуучуларына өзү жазган «Манас» китебин окуп берди
October 14, 2026, 20:34
2026-жылдын 15-октябрында, Бишкек шаарындагы № 83 жалпы билим берүүчү орто
мектебинин 2-классынын окуучулары үчүн «Жылдыздар балдарга китеп окуйт»
акциясынын алкагында өзгөчө адабий жолугушуу уюштурулду. Бул күнү балдарга
кыргызстандык ишкер, юрист, балдар китептеринин автору, Bereke Books басмасынын
негиздөөчүсү жана жетекчиси Гүлназ Асакеева өзү жазган «Манас» китебин окуп
берди.
Жолугушуунун жүрүшүндө окуучулар кыргыз элинин улуу руханий мурасы —
«Манас» эпосу менен жакындан таанышып, китеп дүйнөсүнө саякат жасашты. Ошондой
эле конок менен баарлашып, өздөрүн кызыктырган суроолорун беришти.
Китеп окуу балдардын элестетүү жөндөмүн өнүктүрүп, сөз байлыгын арттырат,
улуттук маданиятка жана тарыхка болгон кызыгуусун ойготот.
Гүлназ Асакеева — балдар адабиятын өнүктүрүүгө салым кошуп келе жаткан
ишкер жана Bereke Books басмасынын негиздөөчүсү жана жетекчиси. Басманын
балдарга арналган китептери жаш муундун китеп окууга болгон кызыгуусун
арттырууга жана улуттук баалуулуктарды жайылтууга багытталган.
«Жылдыздар балдарга китеп окуйт» акциясынын негизги максаты — балдардын
китеп окуу маданиятын калыптандыруу, алардын билимге жана адабиятка болгон
кызыгуусун арттыруу, ошондой эле коомчулукка таанымал инсандарды тартуу аркылуу
китеп окуунун маанисин жайылтуу.
Мындай жолугушуулар балдарга китептин кызыктуу дүйнөсүн ачып гана тим
болбостон, аларды улуттук мурастарды таанып-билүүгө, өз алдынча ой жүгүртүүгө
жана китеп окууну күнүмдүк адатка айлантууга шыктандырат.
Китеп окуган
бала — келечекке ишенимдүү кадам таштаган бала!








