2014-ЖЫЛ: «Музыка – элдин жан-дүйнөсү» лекция-концерттердин сериясы

April 18, 2022, 10:18

Программанын негизги максаты – Кыргызстандын этносторунун музыкалык маданиятын пропагандалоо аркылуу маданий ар түрдүүлүктү өнүктүрүү.


2014-жылы «Музыка – элдин жан-дүйнөсү» деген алты концерт-лекция өткөрүлдү, алар корей, казак, украин, өзбек, дунган, кавказ музыкалык маданияттарына арналган.


Кыргыз улуттук консерваториясынын чоң залында өткөн ар бир концерт толук залды чогултуп турду. Программанын жаңы, демейдегиден башкача форматы: музыкалык номерлерди бийлер, музыкалык аспаптар жөнүндө маалыматтар менен айкалыштыруу, ырларды кыргыз жана орус тилдерине которуу, салттуу костюмдарды презентациялоо, этностун музыкалык маданиятынын алда канча көрүнүктүү эстеликтери жөнүндө айтып берүү – ушулардын бардыгы программага өзүнүн көрүүчүсүн табууга мүмкүндүк берди.


Концерттерди тартып алуу аларды улуттук каналдын (КТРК) эфиринде чоң аудитория көрүшүнө мүмкүндүк берди, бул маданий ар түрдүүлүктү даңазалоого шарт түздү. Программа Кыргызстандын диаспораларынын музыкалык мурасынын элементтерин сактоого көмөктөштү.


Программанын өнөктөрү Кыргызстан калкынын Ассамблеясы, Улуттук консерватория, КТРК, ПРООН, «St. ArtLtd» басма үйү болду.