"Татыктуу Жашоо" долбоорунун алкагында жарманке жана мастер-класстар ийгиликтүү өттү

January 13, 2025, 06:14

2024-жылдын 25-декабрында Бишкек шаарындагы №10-кесиптик лицейинин базасында "Татыктуу Жашоо" долбоорунун бенефициар үй-бүлөлөрү үчүн уюштурулган мастер-класс жана жарманке ийгиликтүү өттү.


Бул иш-чара долбоордун катышуучуларынын жетишкендиктерин көрсөтүү, тажрыйба алмашуу жана жаңы практикалык көндүмдөрдү үйрөнүү үчүн маанилүү аянтча болду.


Долбоор Улуу Британия өкмөтүнүн каржылык колдоосу менен "Роза Отунбаеванын демилгеси" эл аралык коомдук фонду тарабынан ишке ашырылып келет. Анын негизги максаты — гендердик стереотиптерди жеңүү, үй-бүлөлүк зомбулукту азайтуу жана экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү.


Бишкек шаарындагы иш-чаранын өзгөчө учурлары:


Жарманкеге Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Кең-Булуң айыл округунан 25 бенефициар үй-бүлө катышты.

Тигүүчүлүк жана ашпозчулук боюнча мастер-класстар өткөрүлүп, катышуучулар жаңы көндүмдөргө ээ болушту.

Көргөзмө-жарманкенин алкагында катышуучулар өздөрүнүн товарларын сатуу ыкмалары менен таанышышты.

Маданий ар түрдүүлүктү жана каада-салттардын байлыгын чагылдырган "Ар улуттун деми" дефилеси көрүүчүлөрдүн көңүлүн бурду.


27-декабрда ушундай эле жарманке Токмок шаарында өткөрүлдү. Бул иш-чарада катышуучулар өз эмгектеринин жана алган билиминин натыйжаларын көрсөтүп, өздөрү жасаган буюмдарын тартуулашты.


Бул иш-чаралар бенефициарларды жаңы идеяларга шыктандырып, алардын бизнес потенциалын өркүндөтүүгө шарт түздү. Ошондой эле бул иш-чаралар үй-бүлөлөрдүн экономикалык көз карандысыздыгын бекемдөөдө чоң мааниге ээ болду.


Уюштуруучулар бардык катышуучуларга жана өнөктөштөргө иш-чаранын ийгиликтүү өтүшүнө кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдиришет!