UniSTEM кышкы мектеби башталды!
January 15, 2025, 06:282025-жылдын 14-январында И.Раззаков атындагы КМТУнун Кыргыз-Герман техникалык институтунун базасында "Роза Отунбаеванын Демилгеси" ЭКФ менен өнөктөштүктө салттуу түрдө өткөрүлүп келе жаткан UniSTEM кышкы мектеби башталды.
Бул билим берүү программасы борбор калаадагы мектеп окуучуларына илим, технология, инженерия жана математиканын кызыктуу дүйнөсүнө 10 күнгө сүңгүп кирүүгө мүмкүнчүлүк берет.
Катышуучулар Германиянын академиялык алмашуу кызматынын (DAAD) колдоосу менен FabLab Bishkekтин техникалык базасында КМТУнун кесипкөй машыктыруучуларынын жетекчилиги астында Заманбап лабораторияларда билим алышат.
Программанын алкагында кыздар:
* Робототехниканы жана 3D-моделдөөнү өздөштүрүп,
* Кийим дизайны жана моделдөө дүйнөсү менен таанышып,
* Тамак-аш өнөр жайынын заманбап технологиялары жөнүндө билим алып,
* КТМТУнун студенттери жана бүтүрүүчүлөрү менен болгон мотивациялык жолугушуулардан алардын тажрыйбалары менен таанышуу жана шыктануу.
10 күндүн ичинде катышуучулар жаңы билимге гана ээ болбостон, аны иш жүзүндө колдоно алышат, бул келечектеги кесипти тандоого чоң түрткү болот.
2025-жылдын 24-январында мектепти аяктагандан кийин катышуучуларга сертификаттар жана кызыктыруучу белектер берилет.