2014-ЖЫЛ: Экинчи Билим фестивалы

April 12, 2022, 06:44

2014-жылы экинчи Билим фестивалынын (2БФ) максаты баарлашуу жана жаңы маалыматты алуу, Кыргызстандагы илимий-техникалык, инженердик жана кесиптик-техникалык билим берүүнүн, маалыматтык-коммуникациялык технологиялардын көйгөйлөрүн эксперттик талкуулоо, ошондой эле инновациялык методикаларды жана технологияларды өнүктүрүүдө тажрыйба алмашуу үчүн коомдук платформаны берүү аркылуу, анын ичинде салттуу экологиялык билимдерди алып жүрүүчүлөрдү тартуу менен коомдо билим берүүнүн баалуулугун, маанилүүлүгүн жана артыкчылыгын кайра жаратуу болуп калды.


2014-Фестивалдын алкагында майрамдык иш-чаралар, билим берүү-агартуу ярмаркалары, кесиптик форумдар, мастер-класстар, тренингдер, жолугушуулар жана экскурсиялар болуп өттү.


Биринчи күнү И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетте (Фестивалдын тең уюштуруучусу) «Биз – XXI кылымдын интеллектуалдарыбыз» деген эл аралык конкурстун катышуучуларынын долбоорлорун презентациялоо; «Алтын түйүн» Республикалык балдар инженердик-техникалык академиясы өткөрүп жаткан илимий-техникалык олимпиада, билим берүүдөгү инновациялык долбоорлордун презентациясы жана «Ийгиликтин тарыхы» аянтчасы, 11-класстардын окуучулары үчүн илимий викторина өттү.


Фестивалдын экинчи күнүндө иш-чаралар бир эле учурда Эски аянтта, «Эмен сейилбагы» галереясында, Мамлекеттик тарых музейинде жана Балдар жана өспүрүмдөр үчүн «Сейтек» улуттук борборунда жана АУЦАда өттү.


Эски аянтта төмөнкүдөй төрт көргөзмө-ярмарка сунуш кылынды: билим берүү кызмат көрсөтүүлөрүнүн көргөзмө-ярмаркасы, «Чеберлер шаары», «Китеп текчеси», «Гүл ярмаркасы». Мындан тышкары, «Атам, апам, мен – техникалык үй-бүлөбүз» конкурсу өттү. Ошондой эле авиа моделдөө жана кум графика боюнча мастер-класстар, самын көбүктөрүнүн шоусу жана химиялык шоу сунуш кылынды. Мамлекеттик тарых музейинде эртеден-кечке чейин жаратылыш жана маданият жагынан салттуу билимдерди кайра жаратууга, өнүктүрүүгө жана алга илгерилетүүгө тартылган фонддор жана борборлор уюштурган, көпчүлүк бөлүгүн Кристенсен Фонду колдогон салттуу экологиялык билимдер боюнча көргөзмөлөр, фильмдерди көрсөтүү, спектаклдер, концерттик номерлер жана мастер-класстар өттү.


Жакшы салт боюнча Фестиваль ар түрдүү флешмобдор, дэнс-батлдар, майрамдык концерттер жана театрдык оюн-зооктор, цирк оюндары, спорттук жана интеллектуалдык оюндар менен коштолду.


Бишкек шаарынын, анын ичинде жаңы конуштардын тургундарынан, ошондой эле Кыргызстандын башка региондорунан келген меймандардан турган 15 000ден ашык адам Фестивалга келди.


Ошондой эле долбоордун алкагында КР Улуттук илимдер академиясынын Биологиялык-кыртыш институтунун Зоологиялык музейинде балдар үчүн салттуу экологиялык билимдер боюнча интерактивдүү музейлик көргөзмө түзүлгөн, ал кыргыз элинин салттуу экологиялык билимдерин жайылтууга, сактоого жана даңазалоого жана музей ишин активдештирүүгө багытталган. Музейге балдар үчүн мастер-класстарды уюштуруу үчүн техникалык жабдуу өткөрүп берилген.