Кыргызстандык педагогдор Башакшехирдин билим берүү тажрыйбасы жана «Бакыркөй Адалет» бала бакчасынын ишмердүүлүгү менен таанышты
November 24, 2025, 07:14
Кыргызстандан барган делегация Стамбулдун 29 районунун бири Башакшехир муниципалитетине караштуу «Эне жана бала» борборуна барды. Бул борбор жумуш күндөрү иштеп, энелер менен балдардын өз ара мамилесин чыңдоого, балдардын социалдашуусуна жана өнүгүшүнө көмөктөшөт.
Аптасына эки жолу, эки сааттык акысыз сабактар өтөт. Эгер бала кадимки бала бакчада окууга жетишпей жатса, борбордо тездетилген окуу программалары бар. Курсту бүткөн соң сертификат берилет. Ошондой эле борбордо аялдар үчүн базалык билим берүү курстары уюштурулган. Алар үчүн тигүү, бычуу сыяктуу кол өнөрчүлүк кружоктору иштейт. Аялдар даярдаган буюмдарын сатып, киреше таба алышат.Андан соң делегация Түркиянын Агартуу министрлиги жана Дин башкармалыгы (Diyanet) карамагындагы бала бакчанын ишмердиги менен таанышты. Бул эрте курактан өнүгүү борборлорунун ишмердиги кыргызстандык педагогдор үчүн жаңы тажрыйбалар менен тааныштырды.
Ошондой эле делегация программанын 3-күнү Түркия Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу «Бакыркөй Адалет» бала бакчасына барып, мекеменин ишмердүүлүгү, балдар үчүн түзүлгөн шарттар жана тарбиялоо процессинин уюштурулушу менен таанышты. Бала бакча Түркия Республикасынын Юстиция министрлигине карап, Түркиянын Улуттук билим берүү министрлиги тарабынанк олдоого алынат. Мекеме бардык керектүү жабдуулар, өнүгүүчү материалдар, оюнчуктар жана кеңсе буюмдары менен толук камсыз болгон. Мекемеде балдар үчүн бардык шарттар түзүлгөн: ар биринде жеке велосипед, жеке шкаф, заманбап оюн жана окуу зоналары бар. Бир топто 3төн 6 жашка чейинки 14 бала тарбияланат. Делегация барган учурда балдар чакан концерттик программа даярдап, ырдап-бийлеп беришти. Ошондой эле конокторго өздөрү жасаган сүрөттөрүн жана кичи белектерин тапшырышты. Бала бакчанын директору делегацияны жылуу тосуп алып, мекеменин иши тууралуу кеңири маалымат берип, бардык суроолорго жооп берди.



