Ат-Башы районунун өспүрүм балдары үчүн семинар өткөрүлдү
November 4, 2025, 04:52
2025-жылдын 30-октябрында Нарын облусунун Ат-Башы районунун Ак-Моюн айылында «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду тарабынан ишке ашырылып жаткан «АтаМЕНен» долбоорунун алкагында Ак-Моюн жана Бирлик айылдарынын өспүрүм балдарына семинар өткөрүлдү.
Иш-чаранын негизги максаты — жаштардын келечекке болгон көз карашын кеңейтүү, кесип тандоодо туура багыт берүү жана жоопкерчиликтүү жаран, келечектеги камкор ата катары калыптанууга шыктандыруу болду.
Долбоордун активдүү аталары Абдыбеков Байыш жана Исмаилов Бакыт өз турмуштук тажрыйбалары менен бөлүшүп, жаштарга келечекте үй-бүлө курууда жана балдарды тарбиялоодо кандай баалуулуктар маанилүү экенин айтып беришти.Семинардын жүрүшүндө катышуучулар менен кесип тандоонун мааниси, максат коюп, ага жетүүнүн жолдору, өзүн-өзү өнүктүрүү, ошондой эле үй-бүлө жана ата-эне болгон жоопкерчилик тууралуу ачык талкуу жүргүзүлдү.
«АтаМЕНен» долбоору Ага Хан Фонду жана Канаданын Өкмөтүнүн каржылык колдоосу менен ишке ашырылууда. Долбоордун максаты — балдардын тарбиясына аталардын катышуусун жогорулатуу жана ата-энелердин ролдорун тең бөлүштүрүү аркылуу балдардын эрте жаштан өнүгүүсүнө мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү.













