Кыргызстандык педагогдор Стамбул Маданият Университетине барып, мектепке чейинки билим берүү боюнча Түркиянын тажрыйбасы менен таанышты
November 19, 2025, 08:18Түркияга болгон сапардын алкагында жайлоодогу Өнүктүрүү борборлорунун тарбиячылары жана педагогдору 2025-жылдын 18-ноябрында Стамбул шаарынын алдыңкы билим берүү тажрыйбасы менен таанышышты.
Делегацияны Стамбул Маданият Университети жылуу тосуп алып, баштапкы билим берүү факультетинин жетекчилиги жана окутуучулары менен жолугушуулар уюштурулду. Делегацияны кафедра башчысы Сумейра Билиджи, декан Эюп Севимли, анын орун басарлары Хатидже Фетиоглу жана Мутлу Аксой тосуп алышты. Университет тарап окуучуларды даярдоонун академиялык программалары жана колдонулуучу методикалык ыкмалар тууралуу кеңири презентация өткөрдү. Суроо-жооп форматындагы талкууда эки тарап кадрларды даярдоо моделдери, заманбап методикалар жана практикага багытталган окутуунун ролу тууралуу пикир алышышты. Андан кийин делегация университеттин ректору, мырза Гүлфеттин Челик менен жолугушуу өткөрүштү. Ректор агартуу министрлиги жана эки өлкөнүн университеттери менен кызматташтыкты кеңейтүүгө даяр экенин билдирди. Конокторго студенттердин практикалык ишмердиги өткөрүлгөн аудитория көрсөтүлүп, кийин университеттин алдында жайгашкан бала бакчага экскурсия уюштурулду. Делегация бала бакчанын иш тартиби, балдар үчүн түзүлгөн чөйрө жана колдонулган ыкмалар менен таанышты.
Ректордун сунушу менен делегация Маариф фондунун борбордук кеңсесине да барып, ар кандай курактагы балдар үчүн иштелип чыккан усулдук материалдар жана китептер менен таанышты.
Күндүн соңунда катышуучулар тарыхый мурастар —
Айя-София жана Султанахмет мечитине барып, күндү Босфор кысыгында 90 мүнөттүк
деңиз экскурсия менен аяктады.



