2014-ЖЫЛ: «Ачык китеп» долбоору

April 7, 2022, 00:00

2014-жылы билим берүү жагынан учурдагы мамлекеттик саясаттардын негизинде Кыргызстандагы Ачык билим берүү ресурстары жагынан стратегияларды жана саясатты түзүүгө жана өнүктүрүүгө көмөктөшүү максатында «Ачык китеп» долбоору ишке ашырыла баштады.


Кыргызстанда Ачык билим берүү ресурстарын (АББР) киргизүүнүн келечектери боюнча кырдаалды талдоо жүргүзүлдү. Изилдөө мыйзам чыгаруу, ошондой эле коомдук деңгээлдерде Кыргызстанда АББРди киргизүүнүн артыкчылыктарын аныктоого мүмкүндүк берди. Пайдалуу тыянактар жана сунуштамалар берилди, ошондой эле АББРди алга илгерилетүү боюнча ардан аркы аракеттердин стратегиясы иштелип чыкты.


Талдоонун жыйынтыктары боюнча КРда Ачык билим берүү ресурстарын алга илгерилетүү боюнча концепциянын долбоору иштелип чыкты. «2020-жылга чейин КРда билим берүүнү өнүктүрүү концепциясына» АББР түшүнүгүн киргизүүнү жетишкендик катары белгилөөгө болот: «ачык билим берүү ресурстары – эркин жеткиликтүүлүктө жайгаштырылган, же болбосо аларды эркин пайдаланууга же кайра иштетүүгө уруксат берген лицензия астында жайгаштырылган окутуучу, окуу же илимий ресурстар».


«Ачык билим берүү ресурстары жана санариптик билим берүү» Эл аралык конференциясы уюштурулду жана өткөрүлдү (2014-жылдын 23-июну). Бул конференциянын учурунда АББРди киргизүү боюнча дүйнөлүк практикалар, атап айтканда, англис тилдүү өлкөлөрдөгү, Монголиядагы, Казакстандагы, Тажикстандагы, Польшадагы, АКШдагы, Ирландиядагы жана РФдагы АББР жөнүндө маалымат, ошондой эле Кыргызстанда АББРди киргизүүнүн келечектери боюнча изилдөөлөрдүн натыйжалары сунуш кылынды.


Долбоордун алкагында жарандык сектордун, билим берүүчү жана коммерциялык эмес мекемелердин өкүлдөрүнөн турган «Ачык билим берүүнү жактайбыз» коалициясы түзүлдү. Коалициянын негизги максаты билимдерге жана ачык билим берүү ресурстарына карата эркин жеткиликтүүлүк идеяларын өнүктүрүү жана алга илгерилетүү болуп калды.