Нарын облусунун пилоттук мектептердин жетекчилери үчүн кеңешме жыйындар өттү.

April 25, 2024, 06:45

"Роза Отунбаеванын демилгеси" Эл аралык аоомдук фонду тарабынан ишке ашырылып жаткан "Илимдеги кыздар" долбоору алкагында Нарын облусунун Кочкор жана Ат Башы райондорунун мектеп жетекчилери ошондой эле Билим берүү уюмунун Стратегиялык өнүгүү планын иштеп чыгуу топтору үчүн консультациялык кезигүүлөр жүргүзүлүп, мектептердин пландоо ишине мониторинг жана баалоо жүргүзүлдү. Стратегиялык өнүгүү планын иштеп чыгууда негизги маселе катары пландоодогу гендер сезимталдуулук аспектилерине көңүл буруу жана STEМ багытындагы иш-чаралардын камтылышы каралды. Буга чейин ушундай эле иш-чара Чүй облусунун Ысык-Ата жана Аламүдүн райондорунда өткөрүлгөн.