“Мыкты Жайлоо өнүктүрүү борбору - 2023” сынагынын жыйынтыгы

April 8, 2024, 12:44
Сынак тоолуу аймактардагы мектепке чейинки билим берүүнүн зарылдыгын коомго жеткирүү, балдарды өнүктүрүүгө багытталган жайлоо өнүктүрүү борборлорунун ишмердүүлүгүн чагылдыруу, мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, кеңири коомчулуктун, ата-энелердин көңүлүн буруу буруу максатында уюштурулган.

Келип түшкөн материалдарга Жобосунда көрсөтүлгөн критерийлерге ылайык жюри мүчөлөрү 100 баллдык шкала менен баа берип, төмөнкүдөй чечим кабыл алды:

Биринчи орун Ак-Талаа районундагы “Адис-Адилет” жайлоо өнүгүү борборуна ыйгарылды. Байгеси - кир жуугуч машине.
Экинчи орун Нарын районундагы “Эмгекчил” жайлоо өнүгүү борборуна ыйгарылды. Байгеси -10 000 сом.
Үчүнчү орун упайларынын тең болгондугу үчүн Алай районунун Сары-Могол айылынын “Бооке” жайлоо өнүгүү борборуна жана Ат-Башы районундагы К.Тыналиев атындагы жайлоо өнүгүү борборуна ыйгарылды. Байгеси “Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фонду тарабынан чыгарылган китептердин топтому.