Долбоордун кубанычтуу учуру

April 24, 2024, 07:02

Баткен шаарында “Аялдардар тынчтык тиреги-Кыргызстандын жарандык коомундагы жигердүү аялдар тынчтык үчүн” долбоорунун алкагында чакан гранттар боюнча эң мыкты деп тандалып алынган демилгелерге  Баткен райондук мамлекеттик администрациясынын, жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн катышуусу менен сертификаттар тапшырылды. 


Бул демилгелер пилоттук айыл аймактарындагы социалдык, экономикалык жана климаттык өзгөрүүлөргө ыңгайлашууга, аймакта социалдык биримдиктин өнүгүшүнө көмөк көрсөтөт.  


Ар бир демилге тууралуу алардын ишке ашырылуу мезгилинде тааныштыруу иштерин жүргүзүп турабыз.