Немец тилиндеги «Манас сүрөттөрдө» китебинин презентациясы болуп өттү

March 29, 2022, 12:00

Бүгүн, 29-мартта, немец тилиндеги «Манас сүрөттөрдө» китебинин презентациясы болуп өттү. Басылма Кыргыз-Герман мамилелеринин 30 жылдыгына арналган жана немец тилдүү окурманга баатырдык «Манас» эпосу менен таанышууга мүмкүнчүлүк берет.

Презентация КР эмгек сиңирген артисти Самат Көчөрбаевдин сөз сүйлөөсү менен башталды. Ал «Манас» эпосунан үзүндүнү окуду.

Презентацияда Германиянын Кыргызстандагы элчиси Габриэла Геллил сөз сүйлөдү, ал «Манас» эпосу кыргыз адабиятынын классикалык чыгармасы жана дүйнөлүк маданияттын өтө маанилүү бөлүгү болуп саналат деп белгиледи.

«Кыргыз тилин начар түшүнгөндөр же каба берсе аны таптакыр түшүнбөгөндөр үчүн, мен үчүн «Манастан» үзүндүлөрдүн жаңырышы мен билген Кыргызстандын тоолоруна саякат жасагандай эле болду. Мен «Манас» айтууну укканда, менин көз алдыма атырылып чыгып жана асманда калкып учкан бүркүт элестейт, бул тереңди карай умтулуп турган аска, бул дарыянын үнү, бул куштардын үнү, бул чыныгы жаратылыштын добушу.».

Биздин өлкөлөрдүн ортосунда эки тараптуу мамилелер түзүлгөндөн бери быйылкы жылы 30 жылдык маараке белгиленип жатат. Кыргыз-герман мамилелерин андан ары чыңдоо биз үчүн өтө маанилүү, эки өлкөнүн элдерин маданияттар менен тааныштыруу маанилүү.

Биз моюнга алууга тийишпиз: бул биздин идеябыз эмес болчу. Бул КР экс-президенти Роза Отунбаева аркылуу «Роза Отунбаеванын демилгеси» фондунун сунушуна жооп болду, ал китепти немец тилине которуу сунушу менен кайрылган, - деп айтты элчи.

«Болжол менен жарым жыл мурда мен бул жердеги, Кыргызстандагы, өз ишиме киришкенде, Отунбаева айым менен биринчи жолу жолугушканда ал учурда кыргыз тилинде гана болгон китепти көрсөттү жана ал «Китепти немец тилинде чыгарууга аракет кылып көрбөйлүбү» деген сунушун айтты», - деди элчи.

Өз кезегинде «Роза Отунбаеванын демилгеси» фондунун уюштуруучусу, КР экс-президенти Роза Отунбаева буларды белгиледи: «Бул китеп – өзгөчө, ал ар бир кыргызстандыктын жүрөгүнөн орун алган. Бүгүнкү күндө Манас биз үчүн улуттук баатыр. Манас бүткүл элдин биримдигин билдирип турат. Биз талашып-тартышуулардын, көйгөйлөрдүн мезгилинде жашап жатабыз, андыктан Манас биз улут катары калыптанып жаткан учурларда бардыгыбызды биримдикке чакырган жана эң кыйчалыш учурларда ал бардыгыбызды бириктирген. Ал эми «Манас» эпосун немец тилинде чоң кишилер да, балдар да окуганда, алар бир кезде ушундай кичинекей улут Алтайда жашап жана кийин Тянь-Шань тоолоруна көчүп келгенин элестетет».

«Бул китептин идеясы бардыгын манга тилинде көрсөтүүдө болду. Татаал чыгарма манга тилине которулуп жүргөн дүйнөлүк практика бар. Бул тил дүйнөдө бекеринен иштелип чыккан эмес. Аны татаал чыгармаларды таануу үчүн иштеп чыгышкан. Япондор, мисалы, Достоевскийдин жана Толстойдун чыгармаларын манга тилине которгон, анткени булар татаал чыгармалар. Ушул чыгармалардын бардыгы окулат, балким, тез окулат, бирок кийин кызыгуу пайда болот – силер сюжеттик линияны билип каласыңар, анан силер фильмге же балетке барасыңар жана сөз эмне жөнүндө болоорун ага чейин билесиңер. Кийин бул чыгарманы толук окуп чыгуу же угуу үчүн кызыгуу да пайда болот», деп айтты Роза Исаковна.

Ал эпос биринчи жолу изилдөөчү, этнограф жана илимпоз, улуту боюнча немец Василий Радлов тарабынан жазылып алынганын эске салды.

«Мен элчи айымга анын эң мыкты жана натыйжалуу иши үчүн ыраазычылык билдирем, ал улуу муундардын ишин улантты жана Кыргызстан менен Германиянын ортосундагы мамилелерди чыңдай баштады. Эгерде бул маданият, китеп болсо, андан өтөөрү жок», деп айтты Р.Отунбаева.