2013-жыл: «Балалык мектеби»

February 17, 2022, 21:15

Эл аралык коомдук фонд ата-энелерди жана педагогдорду балдарды эрте өнүктүрүүнүн ар түрдүү методдору жана методикалары менен тааныштыруу боюнча лекциялардын сериясын улантты.

 

2013-жылы уникалдуу лекциялар жана тренингдер уюштурулду.

 

1.     «Кадам сайын» билим берүү программасы жөнүндө («Кадам сайын» билим берүү программасынын өзгөчөлүгү баланы өнүктүрүү процессине педагогдор гана эмес, ошондой эле баланын ата-энеси жана үй-бүлөсү бирдей даражада катышкандыгында турат. Программа инклюзивдүүлүк, бирдей жеткиликтүүлүк, көп түрдүүлүк принциптеринде түзүлгөн, ар бир баланын жекече ыктоолорун эске алат).



2.     Фонд бардык каалагандарга уникалдуу семинарды – «Зайцевдин кубиктеринин» автору Николай Александрович Зайцевдин тренингин уюштурду. Семинардын ишине 141 адам, анын ичинде Кыргызстандын региондорунан: Токтогул, Тогуз-Торо, Жети-Өгүз райондорунан, Майлуу-Суу шаарынан, Ош шаарынан, Жалал-Абад шаарынан, Москва жана Сокулук райондорунан, Кара-Балта шаарынан, Ысык-Көл областынан 38 педагог катышты. Семинар беш күн бою өттү, анын ичинде эки күн – китеп окууга, андан соң эки күн – математиканы окууга жана акыркы күн англис тилин окууга арналды.

 

Мындай окуянын – Н.А. Зайцевдин Бишкекке келишинин маанилүүлүгүнө баа бербей коюуга болбойт. Усулдарды окуу жана кайра окуп чыгуу, бул системаны башкалар кандай колдонуп жатканына байкоо жүргүзүү – бир иш, ал эми ушунун бардыгын автордун өзүнөн угуу – башка иш.

 

Н.А. Зайцевдин методикасы – бул баланы эрте өнүктүрүүнүн методикасы, ал баланын угуп жана көрүп эстеп калуу жагынан ички мүмкүнчүлүктөрүнө негизделген. Методиканы туура колдонгон учурда бала 4-5 жашка барганда окуп жана эсептей алат, анда туура сабаттуу сүйлөө жана жазуу калыптанат. Окутуу тез, жеңил жана көңүлдүү өтөт, ал эми жыйынтыгында 6-7 жашка чыкканда балдар башталгыч мектептин программасын тапшырууга даяр болуп, балалык ышкыбоздукту сактап жана арттырып, чыгармачылык менен алектенүүгө убакытты арттыра алат.

 

3.     Түйүлдүктү музыкалык өнүктүрүүнүн «СОНАТАЛ» методикасы боюнча педагогика илимдеринин кандидаты (РАО), медициналык илимдердин доктору, профессор (МАНИ), АПСНдин анык мүчөсү, РАМН НЦЗДнын балдардын пре- жана перинаталдык ден соолугу бөлүмүнүн башчысы Михаил Лазаревдин лекциясы.

 

4.     15-мартта Арабаев атындагы КМУда «Илим биздин турмушубузда. Илим борборунун тажрыйбасы, Вена шаары» табигый-илимий сабактарынын мугалимдери үчүн семинар-тренинг өттү. Балдар илим борборлорунда өздөрү жасаган жөнөкөй тажрыйбалар, эксперименттер балдарда ышкыбоздукту, талдоо жана тыянактарды чыгаруу жөндөмүн өнүктүрөт, илимий процесстерди эң жөнөкөй жана көрсөтмөлүү мисалдар менен түшүндүрөт. Кыргызстан үчүн бул тажрыйба мектеп программасында, ошондой эле мектептен тышкары учурда кымбат баалуу химиялык заттарды колдонбостон эксперименталдык илимди өнүктүрүү мүмкүнчүлүгүн көрсөттү. Бардык тажрыйбалар балдар үчүн коопсуз жана курчап турган чөйрө үчүн зыянсыз.

 

5.     Эске сала кетели, Фонддун демилгеси боюнча Кыргызстанда биринчи жолу Монтессори-педагогикасы боюнча тренингдердин эки жылдык цикли өткөрүлдү. Тренингдерди Эл аралык Монтессори-педагогика институтунун директору Надежда Николаевна Смирнова өткөрдү, ал Россияда гана эмес, ошондой эле анын чегинен тышкары жактарда таанымал Монтессори-педагогдордун бири болуп саналат.

 

Ал эми 2013-жылдын 12-ноябрында Монтессори-педагогикасы боюнча тренингдин аралык аттестацияны ийгиликтүү тапшырган катышуучуларына окутуучу курстун биринчи баскычын аяктагандыгы жөнүндө Эл аралык Монтессори-педагогика институтунун сертификаттары тапшырылды.

 

Мындан тышкары, ошол эле жылы «Синяя птица» Монтессори-клубунун ачылышы болуп өттү. Биз өткөргөн монтессори-тренингдин катышуучулары болуп саналган беш кыз клубдун уюштуруучулары болуп калды.

 

6.     «Кыргызстандагы британдык орто билим берүү системасы» лекциясы, аны «European School in Central Asia» КФнын директору Джоханнес Лабускахнэ мырза өткөрдү, ал британдык башталгыч жана орто билим берүү системасына арналды. Лектор өзүнүн презентациясында түзүмдүн, жетекчиликтин, финансылык отчеттуулуктун (саясат жана институционалдык деңгээлдер) маселелерин, сапатты баалоо механизмин жана узак мезгил аралыгында сөзсүз жогорку натыйжаны бере турган башка факторлорду чагылдырды.


7.     Доктор Кристоф Штольценбург (Германия) менен жолугушуу, ал «0дөн 3 жашка чейинки баланы өнүктүрүүнүн мыйзам ченемдүүлүктөрү» деген баяндама менен сөз сүйлөдү.


8.     Сентябрда дагы бир «Мектепке чейинки курактагы балдарды өнүктүрүүдө элдик оюндардын ролу» интерактивдүү лекциясы. Лектор – Таалайбек Уметов, Кыргызстандагы элдик оюндар жөнүндө жыйнактын автору, элдик оюндар жана маданий ар түрдүүлүк жөнүндө анын концепциясы Подмосковьеде түзүлгөн ЭТНОМИР туристтик комплексинин негизине кирди.

 

9.     Карл Орфтун жана Шиничи Сузукинин мектепке чейинки курактагы балдарды музыкалык тарбиялоонун жана өнүктүрүүнүн методикалары жөнүндө баяндоочу лекция.


Италиялык дирижер, Борбордук Азия Жаштар оркестринин жетекчиси Джурардо Колела жана «Синяя птица» Монтессори-клубунун жетекчиси, Карл Орфтун методикасы боюнча сертификатталган педагог Камила Исабекова лектор болду.

 

10. Декабрда балдардын жана өспүрүмдөрдүн социалдык жана экономикалык жигердүүлүгү жагынан «Афлатун» программасы боюнча лекция болуп өттү. Афлатун – бул 6-18 жаштагы балдарга балансташкан социалдык жана финансылык билим берүү программасы. Социалдык жоопкерчиликтин жана финансылык сабаттуулуктун негиздерине окутуу формалдуу, ошондой эле формалдуу эмес билим берүүнүн бир бөлүгү болушу мүмкүн.