2013-жыл: Мектепке чейинки билим берүүнү алга илгерилетүү

February 15, 2022, 20:56

Билим берүү чөйрөсү өсүп келаткан муундун турмушунда эң маанилүү тармактардын бири, анткени өлкөнүн келечеги – бул балдар, алар жакшы тарбия алып гана тим болбостон, ошондой эле келечекте шайкеш жана интеллигенттүү инсандарды, өз Мекенинин чыныгы патриотторун өнүктүрүүгө түрткү бере турган татыктуу билимди алууга тийиш.


Мектепке чейинки билим берүүнү алга илгерилетүү боюнча жигердүү иш 2013-жылы да улантылды. Ошол жылы Фонд балдар билим берүү уюмдарына барбаган балдар үчүн кепилденген мектепке кирээр алдындагы даярдоонун милдеттүү жылдык программасын киргизүү жагынан жигердүү иш алып барды.


Баланы толук баалуу өнүктүрүү жана аны мектепке даярдоо үчүн мамлекеттик деңгээлде «Мектепке карай алгачкы кадам» жылдык программасын (480 саат) киргизүү зарылчылыгынын маселеси иштелип чыкты.


Мындан тышкары, Фон мектепке чейинки билим берүү менен камтууну арттыруу үчүн ошондой эле кыска убакытка баруучу балдар бакчалары, жамааттык балдар бакчалары, жайлоодогу балдар бакчалары сыяктуу жана Кыргызстанда өзүн жакшы жагынан көрсөткөн мектепке чейинки билим берүүнүн башка заманбап моделдерин өнүктүрүү зарыл экендигине дайыма көңүл буруп турду.


Жайлоодогу жайкы балдар бакчалары – балдарды окутуунун жана социалдаштыруунун ылайыктуу, натыйжалуу формаларынын бири, алар тоолуу райондордо жакшы иштейт, айылдыктардын арасында оң баага ээ, окуу жылынын жүрүшүндө оң натыйжа берет.


Ошондуктан 2013-жылы аларды жайылтуу жана даңазалоо боюнча иш жигердүү түрдө улантылды. Жыл аралыгында мектепке чейинки билим берүү маселелерин өз күчү менен чечүүдө жергиликтүү коомдоштуктардын аракеттерин жигердештирүү үчүн тренингдер, Кыргызстандын аймагында жайлоодогу балдар бакчаларын түзүүнүн тажрыйбасын жана мектепке чейинки билим берүүнү жакшыртуу жолдорун талкуулоо боюнча семинарлар өткөрүлдү.