"Илимдеги кыздар" долбоорунун алкагында иштелип чыккан пилоттук мектептерди өнүктүрүү пландарынын жана практикалык колдонмонун презентациясы өтөт
November 12, 2024, 07:362024-жылдын 13-ноябрында И. Арабаев атындагы Кыргыз
Мамлекеттик университетинде "Илимдеги кыздар" долбоорунун II
фазасынын алкагында иштелип чыккан пилоттук мектептердин стратегиялык өнүгүү
пландарынын жана практикалык колдонмонун презентациясы өтөт.
Иш – чаранын максаты-“Илимдеги кыздар” долбоору алкагында 50
пилоттук мектепте гендер сезимталдуулук аспектилери жана STЕМ билим берүүсүн
камтуу менен иштелип чыккан билим берүү уюмдарынын стратегиялык өнүгүү пландары
жана практикалык колдонмо тууралуу маалымат берүү.
Иш-чарага пилоттук мектептердин
директорлору, райондук билим берүү бөлүмдөрүнүн башчылары, КР Билим берүү жана
илим министрлигинин өкүлдөрү катышат. Жыйынтыгында КР Билим берүү жана илим министрлиги,
жергиликтүү билим берүү бөлүмдөрү жана квалификацияны жогорулатуу институттары
үчүн билим берүү уюмдарындагы стратегиялык пландарды иштеп чыгуу жана бекитүү
жаатындагы алдыңкы тажрыйбаны колдоо
жана өнүктүрүү боюнча практикалык сунуштарды
берүү каралган.
«Илимдеги кыздар» долбоорунун II
фазасы 2023-жылдын апрелинен тарта 50 пилоттук мектепте ишке ашырылууда.
Тандалып алынган мектептер өлкөнүн 6 району жана 1 шаарында жайгашкан
● Кызыл – Кыя шаары, Баткен
● Ноокат району, Ош
● Сузак району, Жалал-Абад,
● Аламүдүн району, Чүй
● Ысык-Ата району, Чүй
● Кочкор району, Нарын
● Ат-Башы району, Нарын
ЮНИСЕФтин "Илимдеги
кыздар" долбоорунун экинчи этабын "Роза Отунбаеванын демилгеси"
фонду, Балдарды коргоо борбору, БААУ инновациялык колледжи жана Энактас
Кыргызстан уюмдары менен өнөктөштүктө ишке ашырууда.