БУУнун Афганистанга көмөктөшүү боюнча миссиясынын башчысы (МООНСА) Роза Отунбаева жана ЮНИСЕФтин Афганистандагы башчысы Таджудин Оевале шаардын суу менен жабдуу тутумун карап чыгышты

October 30, 2024, 20:47

Афганистан олуттуу суу кризисин башынан кечирүүдө, эгерде  чараларды көрбөсө, анда Кабулдун суу ресурстары 2030-жылга карата түгөнүшү мүмкүн.


БУУнун Афганистанга көмөктөшүү боюнча миссиясынын башчысы (МООНСА) Роза Отунбаева жана ЮНИСЕФтин Афганистандагы башчысы Таджудин Оевале шаардын суу менен жабдуу тутумун карап чыгышты. Эки кызмат адамдары теӊ борбордогу суунун жетишсиздиги боюнча абал оорлошуп бара жаткандыгына тынчсызданууларын билдиришти. 


ЮНИСЕФтин башчысы эгерде азыр чара көрүп баштабасак,  анда процессти токтотуу мүмкүн эместигин, анткени  тездик менен жүрүп жаткан урбанизация жана климаттын өзгөрүүсү Кабулдагы жер алдындагы суунун  түгөнүүсүн тездете тургандыгын баса белгиледи.


Калктын санынын тездик менен өсүүсү, бийик имараттардын пландаштырылбай курулуусу, шаардын тиешелүү түрдө пландаштырылбай өнүгүп жаткандыгы жана жер астындагы суу ресурстарынын ашыкча колдонулуп жаткандыгы Кабулдагы жер алдындагы суу ресурстарынын санынын дагы, ошондой эле сапатынын дагы төмөндөөсүнө түрткү болуучу негизги факторлор болуп эсептелет.  Кабул көп жылдан бери эле суунун жетишсиздигин башынан кечирип келе жатат, бирок кризис акыркы жылдарда көбүрөөк олуттуу болуп калды.


«Афганистан Ислам Эмиратынын» Энергетика жана суу ресурстары министрлиги жакында эле Панджшер дарыясынан Кабулга суу өткөрүү боюнча долбоордун үстүнөн иштеп жаткандыгын жарыялады.

 

Булак