Роза Отунбаева Жарандык агартуу академиясынын-2021 I сессиясынын ачылышында сөз сүйлөдү

June 17, 2021, 20:34

Жарандык агартуу академиясы – формалдуу эмес, туруктуу аянтча, ал Кыргызстандын жигердүү, иштиктүү жана прогрессивдүү адамдарынын – ар кандай чөйрөлөрдөгү, региондордогу, кесиптердеги лидерлердин тобун топтоого умтулат. Алар демократиянын универсалдуу баалуулуктарын, өнүгүүнүн гуманитардык методдорун жактырат, укуктук мамлекеттин жана анын өнөктөрүнүн – Кыргыз Республикасындагы жарандык коомдун зарылчылыгын жана маанилүүлүгүн тааныйт.

 

Катышуучуларды жыл сайын топтоо – бул бир жолку мобилизациялоо долбоору эмес. Бул – теңдеш, жигердүү, сынчыл ойлонгон, рефлекстүү, өзүнүн чыгармачыл жана кесиптик негиздеринде ийгиликтүү адамдардын шериктештиги. Бул дискуссиялардын, жаңы ачылыштардын, ой-жүгүртүүлөрдүн ачык аянтчасы.

 

КР экс-Президенти Роза Отунбаева Кыргыз Республикасынын көзкарандысыздыгынын 30 жылдыгына арналган Жарандык агартуу академиясынын-2021 I сессиясынын ачылышында сөз сүйлөдү.