Үй-бүлөлөрдүн коопсуздугу үчүн кызматташтык: Шопоков шаарындагы тегерек столдун жыйынтыктары
December 13, 2025, 07:01
5-декабрда
Шопоков шаарында өспүрүмдөр арасындагы укук бузуулардын алдын алуу жана
үй-бүлөлүк зомбулукту болтурбоо маселелерине арналган ведомстволор аралык
тегерек стол өткөрүлдү.
Иш-чарага Сокулук районунун эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгы өкүлдөрү, прокуратура, ИИБ, пробация кызматы, медициналык уюмдар, райондук билим берүү бөлүмү жана айыл өкмөттөрдүн социалдык кызматтары катышышты. Катышуучулар учурдагы чакырыктарды талкуулап, балдарды коргоо жана аяр абалда турган үй-бүлөлөрдү колдоо үчүн кызматтар аралык кызматташууну күчөтүүнүн зарылдыгын белгилешти.
«Роза Отунбаева демилгеси» эл аралык коомдук фонду Сокулук районунда мамлекеттик социалдык заказдын алкагында ишке ашырылып жаткан эки долбоорду тааныштырды:
«Окуучулар үчүн маалыматтык-билим
берүү лекциялары» — район боюнча 46 мектепти камтыган, 7–9-класстын окуучулары
арасында өспүрүмдөр зомбулугун азайтууга, коопсуз баарлашуу көндүмдөрүн, жеке
чек араларды түшүнүүнү жана зомбулуксуз коммуникацияны калыптандырууга
багытталган программа.
Талкуунун жыйынтыгында катышуучулар биргелешкен иштин негизги багыттарын жана 2026-жылга карата иш-чаралар планынын долбоорун макулдашышты.
Фонд коюлган жалпы
максаттарга жана долбоорлордун милдеттерине жетүү үчүн мамлекеттик түзүмдөр
менен кызматташууну мындан ары да улантат.




