Нарында ата-энелер үчүн “5 кадам” китебинин, Instagram-баракчасынын жана балдар ырларынын бет ачары өттү
December 10, 2025, 11:42
2025-жылдын 9-декабрында Нарын шаарында өткөн Аталар форумунун алкагында ата-энелерге арналган “5 кадам” китебинин, балдар үчүн жаңы ырлардын жана долбоордун Instagram-баракчасынын презентациясы болуп өттү. Иш-чараны “Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фонду “Миндеру” фондунун колдоосу менен ишке ашырып жаткан “5 ке чейин үлгүр” долбоорунун жана Канада Өкмөтүнүн колдоосу менен Ага Хан фонду менен биргеликте ишке ашырылып жаткан “АтаМенен” долбоорунун алкагында уюштурду.
Форумдун негизги максаты – балдардын кенже курактан өнүгүүсүндө жана үй-бүлө тарбиясында аталардын маалымдуулугун жогорулатуу, активдүү жана камкор аталык боюнча илимий негизделген маалыматтарды жайылтуу, ата-энелер менен балдардын ортосундагы позитивдүү мамилелерди чыңдоо жана үй-бүлөнүн ынтымагын бекемдөөгө багытталган тажрыйбаларды жайылтуу болду.
Иш-чарага “Роза Отунбаеванын демилгеси” фондунун аткаруучу директору Роза Жазыбаевна Кайыкова, КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Айдана Иманалиева, Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары Венера Мурзалымбекова жана Ага Хан Фондунун долбоор менеджери Асель Икрамова катышышты.
Фонддун аткаруучу директору Роза Кайыкова өз сөзүндө: «Биз үчүн балдарды кенже курактан өнүктүрүү – артыкчылыктуу багыт. “Бешке чейин үлгүр” жана “АтаМенен” долбоорлору ата-энелердин маалымдуулугун жогорулатуунун маанилүү куралы болуп жатат. Беш негизги кадам — байланыш түзүү, баарлашуу, оюндар, сергек үй-бүлө жана жамаат — ар бир баланын бактылуу, ишенимдүү болуп өсүшүнө шарт түзөт», — деп белгиледи.
Форумдун жүрүшүндө адистер жана үлгүлүү аталар ата-энелик маданият жана позитивдүү тарбия берүү боюнча ой-пикирлерин бөлүштү. Съездбек Таштекеев үй-бүлөдөгү атанын ролу жана чемпиондорду тарбиялоодогу тажрыйбасы тууралуу айтып берсе, машыктыруучу жана блогер Самат Бакасбеков позитивдүү ата болуунун маанисин баса белгиледи. Психолог Асель Суюмбаева авторитардык жана гуманитардык тарбия ыкмаларын салыштырып, баланын психологиялык коопсуздугуна тийгизген таасирин түшүндүрдү. Жаныбек Абидетегин балдарга китеп окуунун кескин пайдасын белгилеп, ата-энелерди күн сайын окуу адатын калыптандырууга чакырды. Ошондой эле долбоордун катышуучулары — Бакыт Исмаилов, Бакыт Асанбаев жана Байыш Абдыбеков — ата катары көз караштары жана үй-бүлөлүк практикалары кантип өзгөргөнү тууралуу өз тажрыйбаларын бөлүшүштү.
Форумдун өзгөчөлүгү катары ата-энелер жана балдар үчүн уюштурулган практикалык аянтчалар сунушталды.
Катышуучулар нейро-оюндар (жетекчи — Ильмира Шерматова, Нарын мамлекеттик университети), китеп жана китеп окуу маданияты эбру – сууга сүрөт тартуу, сүт менен сүрөт тартуу жана илимий эксперименттер (Эмгекчил айылынын Жайлоо өнүгүү борбору), шахмат (Съездбек Таштекеев), чүкө оюндары (Ак-Талаа районунун Жайлоо өнүгүү борборлору) боюнча аянтчалардан өтүштү.
Форумдун жүрүшүндө аталар арасында да кызыктуу конкурстар уюштурулду: “Аталар тамактарды табышат” жана “Аталар балдар үчүн тамак даярдайт” аттуу практикалык мелдештер ата-энелердин активдүү катышуусуна шарт түздү.
Катышуучулар үчүн медициналык адистерден акысыз кеңештер да берилди. Невролог/психолог Күлүкан Жузуева, психолог Асель Суюмбаева жана логопед Салтанат Садырбаева ата-энелерди кызыктырган суроолорго жооп беришти.
Үч саатка созулган форум ата-энелер менен балдарга жылуу маанай тартуулап, “балага сапаттуу убакыт берүү — эң чоң белек” экенин дагы бир жолу эскертти. Бул иш-чара ар бир ата-энени өз баласынын келечеги үчүн жоопкерчилигин кайрадан ойлонууга чакырган маанилүү кадам болду.











