«Кыргызстаныбызга ишенем» Роза Отунбаева коронавирус, НПОлор жана саясаттагы айымдар жөнүндө

March 12, 2021, 08:15

10-мартта экс-президент Роза Отунбаева «Айымдар лидерлиги – жаңы доорго өтүү» форумунда сөз сүйлөдү. Ал Кыргызстанга тиешелүү маанилүү көйгөйлөргө токтолду. Редакция анын сөзүн толугу менен келтирет.


Коронавирус, аялдардын кедейлиги жана абалы жөнүндө

2016-жылы биз Кыргызстандагы аялдар кыймылынын 90 жылдыгын белгиледик, ал учурдан бери зор өзгөрүүлөр болуп өттү. Алардын бири - коронавирус. Учурдан пайдаланып, бизге жардам берген өлкөлөргө ыраазычылык билдирем. Ковид-19 биз үчүн гана эмес, ошондой эле бүткүл дүйнө үчүн оор сыноо болуп калды. Кала берсе бай өлкөлөр да эмне кылуу керек экенин биле албай, айласы кетип калды. Биздин билишибизче, АКШнын өзүндө эле пандемиянын учурунда ушунчалык көп адам дүйнө менен коштошту, аларда эки дүйнөлүк согуш жана Вьетнамдагы согуш учурун бирге алганда да анчалык көп адам өлгөн эмес.

Коронавирус пайда болгондон тартып бир жылдын ичинде биз ар түрдүү тармактарда жабыр тарттык: бизнес токтоп калды, адамдар ишинен ажырады, окуу токтоп калды. Бирок башкысы – бизди кедейлик басты, жакырчылык каптап кетти. Бирок бийликте олтургандар кедейлик деген сөздү оозуна да албайт, бул сөздү жаман көрүшөт, деген менен бул жөнүндө күчтүү Кытай ачык айтып жатат. Коңшу өлкө кедейликти биротоло жеңгендиги жөнүндө жаңылык жакында эле жаңырды! Үй-бүлөдөгү өсүп кеткен зомбулуктун айынан аялдардын абалы өзгөчө татаалданды. Ал бүткүл дүйнөдө бар, бирок Кыргызстанда өзгөчө.

 

Сунуштар

Биздин Форумубуз пандемияга байланыштуу артка кетенчиктөөгө кантип жол бербөө керектиги жана биз алдыга чыккыдай, дүйнөдөн артта калбагыдай жасоо керектиги жөнүндө. Айымдар коомдо дайыма лидерлик ролду ойноп келген жана азыркы учурда да ойноого тийиш. Бул жагынан айрым ойлорумду айткым келет.

Биз башкалардын арасында саламаттыкты сактоону жана билим берүүнүн артыкчылык кылууга тийишпиз. Эгерде биз ушул эки маанилүү тармак боюнча мындан ары да төмөндөй бере турган болсок, бул, албетте, Советтер Союзу кыйраардын алдындагы биздин статус-квонун аякташы болот. Биз үчүн бүгүнкү күндө мугалимдерибизди жана врачтарыбызды колдоо жана аларды алга илгерилетүү үчүн бул тармактарда өзөктүү өбөлгөлөрдү табуу өтө маанилүү. Мен Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун алкагында түзүлгөн Ковид 19дан кийин өнүктүрүү жана андан ары алга илгерилөө маселелери боюнча Жалпы европалык комиссиянын мүчөсү болуп саналам. Биздин комиссия жакында өзүнүн чакырыгын жана иш-аракеттер планын, ушул маселелер боюнча өзүнүн көз карашын жарыялайт. Илим бизди азыркыдап алда канча татаал эпидемиялар күтүп турушу мүмкүн деген оптимисттик эмес болжолдорду берип жатканына карабастан, биз аларга даяр болууга тийишпиз, анткени биз эбегейсиз зор тренингди алдык. Бүткүл дүйнө өзүн таштап койбоого, сак бойдон калууга, гигиенанын бардык эрежелерин сактоого тийиш. 

Кыргызстанда врачтар эң мыкты иштешти. Биз аларга ыраазычылык билдиребиз жана аларга таазим этебиз.

Бизди ушул каргашалуу тумоодон аман алып калган врачтарга, медайымдарга, оорулууларды тейлеген адамдарга жана бардык медициналык кызматкерлерге ыракмат. Адамдар өзүн курмандыкка чалды жана кызыл зонага кирди. Эмне үчүн врачтар муну жасады, биз болсо алардын эмгегин баалабай жатабыз?! Алардын эмгегин мурдагыдан да жакшы баалап баштайсың, алар бүгүнкү күндө да өлкөнүн бир катар жерлеринде жетишпей жатат. Эмгек акынын төмөндүгү, медициналык персонал жөнүндө мамлекеттик камкордуктун жоктугу, өзүбүз үчүн медициналык кадрларды даярдоонун, окутуу сапатынын төмөндүгү көйгөй бойдон калууда.

Президенттин аппаратынын катышып олтурган өкүлдөрү мени угушун каалар элем: бизде 50 ЖОЖ бар, алардын ичинен жыйырмасында медициналык багыттагы факультеттер жана бүтүндөй ЖОЖдор бар. Биздин Билим берүү жана илим министрлигибиз жөн гана акча табуу менен алектенген, чет өлкөлөр үчүн адистерди даярдап жатабыз деп эсептеген квази-университеттерге качан бөгөт коет? Биз мамлекет катары өзүбүздүн кадыр-баркыбызды жоготуп жатабыз, анткени биз даярдаган адистер кийин өз өлкөлөрүндө экзаменди тапшыра албай жатат. Медицина деген эмне экенин түшүнбөгөндөр да медициналык факультеттерди ачып жатат.

Биз коррупцияны токтотууга жана ага бөгөт коюуга тийишпиз деп эсептейм.

НПОлор жөнүндө

Өкмөттүк эмес сектор жөнүндө өзүнчө айтып кетким келет. Биздин айрым депутаттарыбыз ушунчалык чектен чыгып кетип, Кыргызстанда НПОлорду таптакыр эле жабуу керек деп эсептешет. Депутат мырзалар, силер өлкөнүн бюджетин бекитип жатканда, силер азыр эл аралык донорлордун жардамын, салымдарын эске алып жатпайсыңарбы? Өткөн 30 жылдын ичинде бизде башка нерсе болгон жок! Европалык бирлик, Дүйнөлүк банк, Немецтик өнүктүрүү уюму ж.б., алардын бардыгы окуу китептерине жана окуу куралдарына акча берип, медициналык жабдууларга жана башкаларга эбегейсиз зор акча каражаттарын бөлүп жатат, ошентип, жогоруда саналгандардын бардыгына каражаттарды чыгымдабастан, биз бюджеттен врачтарга, медайымдарга, мугалимдерге эмгек акы төлөп жатабыз. Иш жүзүндө, биздин мамлекетибиз эң башынан тартып эле грант алуучу болуп саналат.

Бирок мамлекет бүткүл калкты бардык кызмат көрсөтүүлөр менен камсыз кыла албай жатат, бүткүл өлкө боюнча, дүйнөдө, өнүккөн же өнүгүп келаткан өлкө болбосун, бардык жердегидей эле өкмөттүк эмес уюмдар социалдык камсыз кылуунун ар бир чөйрөсүндө иштеп жатат.

Донорлор НПО-секторго атаандаштык негизинде каражаттарды берип жатат, анткени мамлекетке, анын чиновниктер аппаратына толук ишенич жок. Коррупциялык рейтингде биз кайсы жерде турганыбыз белгилүү.


Парламентке квоталар жөнүндө

2021-жылдын 1-январындагы таблицаны карасак, Өзбекстандын парламентинде аялдар - 30%, Казакстанда - 27%, Түркмөнстанда - 25%, Тажикстанда - 24%, ал эми бизде Кыргызстанда - 17%.

Азыр бизде жаңы Конституция талкууда турат, анда президенттик башкаруу бекитилет. Автократтык башкаруусу бар коңшуларыбыз парламентте аялдардын катышуусун дүйнөдөгү орточо көрсөткүчкө ылайык камсыз кылды. Бизде – алда канча төмөн. Бирок президенттик өлкө болгон Кыргызстан келечекте коңшуларга тең келе алаарына анчалык ишене албай турам.

Бирок биз айымдарга ар бир орун үчүн күрөшөбүз! Залда региондордон келген татыктуу катышуучулар аз эмес. Дал ушундай адамдар бул өлкөнүн тагдырын чечүүгө тийиш.

Тилекке каршы, биздин башкаруубуз күч позициясынан калыптанат – бул мачо-башкаруу. Коронавирусту айымдар жеңди, анткени бизди өлкөдө саламаттыкты сактоодо иштегендердин 85%ы – булар аялдар. Ал эми айымдар боорукердик, сарамжалдуулук менен башкарат.

 

Динди контролдоо жөнүндө

Интернетте пост ишке киргизилди, анда мечиттердин биринде молдо динге ишенген адамдарга кайрылып, 8-Мартты майрамдоо, демек, динге каршы болуу, аялдардын ыйык кийими болгон паранжаны качандыр бир учурда алардын башынан сыйрып салгандарды тааныгандык деп айтып жатат (?!). Мен бийликте отургандардан өтүнгүм келет, ибадат кылуучу үйлөрдө эмнеге чакырып жаткандарына олуттуу көңүл бургула. Балким, биз эртең ойгонсок, бизге: «Бүгүндөн баштап силер кара көйнөк гана кийип жүрүшүңөр керек» деп айтышы мүмкүн?! 

Мен силерди биз бүгүнкү күнгө канчалык узак мезгилде жеткенибизди эстөөгө чакырам. Урматтуу меймандар, бул өлкөдө аялдардын укуктары үчүн күрөшүп жүрүп көптөгөн аялдардын жана эркектердин көзү өтүп кеткенин билүүгө тийишсиңер. Бүгүнкү күндө биз – Кыргызстандын айымдары –сыймыктануу менен өз башыбызды өйдө көтөрүп, аялдардын көйгөйлөрү жана лидерлиги жөнүндө айтып жатабыз. КР пандемиядан күчтүү болуп чыгат, алга карай ишенимдүү барат жана цивилизациялуу дүйнө менен бирге болот деп деп ишенем.

 

Булак: https://kaktus.media