Тынчтыкты жана тынчтыкты орнотууну колдоо маселелери Женевада каралып жатат (Швейцария)

February 19, 2020, 22:43

2020-жылдын 18-19-февралында Женева шаарында (Швейцария) Бириккен Улуттар Уюмунун тынчтык орнотуу архитектурасын обзору боюнча тематикалык консультациялар өтүп жатат, ал изилдөө борборлордун тобу менен уюштурулган, тактап айтканда, тынчтык орнотуу боюнча Женева платформасы тарабынан Швейцария Өкмөтү менен биргеликте.


Консультациянын максаты БУУнун тынчтык орнотуу боюнча соңку 5 жылдык иштерине обзор кылуу.БУУнун башкы катчысы А.Гуттериш 5 көрүнүктүү эл аралык ишмерлерден турган топ түзгөн, алардын максаты БУУнун Тынчтык орнотуу фондусунун ишине көз карандысыз талдоо жүргүзүү. КРдин Экс-Президенти Р.Отунбаева ушул Топтун мүчөсү болуп саналат. Талкууга тынчтын жана коопсуздук, адам укуктары, өнүгүү, гуманитардык жана куралсаздануу маселелери менен алектенген эл аралык уюмдардын өкүлдөрү жана эксперттери катышууда.


Тынчтыкты жана тынчтыкты орнотууну колдоо маселелери БУУнун 75 жылдыгында өзгөчө маанилүү. БУУнун БАсынын күзүндөгү сессиясында Тынчтык орнотуу фондусунун 2015-2020-жылдардагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктары жана туруктуу өнүгүү боюнча БУУнун программасынын маселелерин жүзөгө ашыруу менен тыгыз байланышкан тынчтык орнотуунун архитектурасын оптимизациялоо жолдору каралат. 2010-жылдан тартып Кыргыз Республикасы тынчтыкты орнотуу, чыр-чатак чыккан зоналарды толугу менен калыбына келтирүү, тынчтыкты колдоо үчүн шарттарды түзүү жана өнүктүрүү, көп улуттук коллективдерде жана жамаааттарда билимдерди жогорулатуу жана тереңдетүү үчүн БУУнун фондусунан 47 млн.АКШ долл. ашуун каражат алды. Бишкекте 2020-жылдын мартында тынчтык орнотуу боюнча аймактык консультациялар өткөрүлөт.