Элетке жетпеген санарип

October 19, 2019, 06:00

Өлкөнү санариптештирүү багытында бийликтин, жарандык коомдун жана ишкер чөйрөнүн кызыкчылыктары улам көбүрөөк ачыкка чыгып, бул багытта чыйыр салгысы келген тараптар коомчулуктун көңүлүн буруга аракет кыла баштады.

 

Атап айтканда, буга чейин, 4-октябрда Бишкекте президент Сооронбай Жээнбековдун катышуусу менен «Борбордук Азиядагы санарип трансформациясы» деген конференциясы өтсө, акыркы күндөрү Жалал-Абад, Ош жана Баткен облустарында Роза Отунбаеванын фондунун демилгеси менен «Санариптештирүү дүйнөдө жана бизде» аттуу конференция өтүп жатат.

 

Эки иш-чаранын айырмасы - мамлекет башчы катышкан конференция бул багыттагы жетишкендиктер менен аткарыла элек иштерге көңүл бурса, экс-президент аймактарда санарип жагындагы маалыматтын кенемтесин толтурууга басым койгон өңдүү.

 

Президент Сооронбай Жээнбеков кыргыз өкмөтү киберкоопсуздук боюнча стратегия кабыл алганын билдирди. Ал «Борбор Азиядагы санариптик трансформация» аттуу конференцияда сүйлөп жатып, билим берүү, саламаттык сактоо, энергетика, мамлекеттик мүлктү башкаруу жаатында жаңы технологияларды киргизүү зарыл экенин кошумчалап, бул тармакта ар бир жетекчинин ишине жыл аягында баа берилерин айтты:

 

- Мамлекеттик мүлктү натыйжалуу башкарыш үчүн электрондук реестр, электрондук эсеп-кысап каражаттарын бул тармакка киргизүүнү ылдамдатуу зарыл. Энергетика жана тоо-кен секторун реформалоого барабыз. Мамлекеттик каттоо кызматын санариптештирүү жүрүп жатат. Бирок анын ыргагы жетишсиз.

 

Президент өлкө санариптик трансформацияга өзгөчө көңүл буруп жатканын белгилеп, мунун алгачкы жыйынтыктары сезиле баштаганын билдирди. Буга «Коопсуз шаар» сыяктуу долбоорлор ишке аша баштаганын мисал келтирди.

 

Антсе да, экс-президент Роза Отунбаеванын баамында, Кыргызстанда санариптештирүүгө көңүл бурулганы менен маселе толук чечиле элек.

 

- Быйылкы жыл бүтүп баратат, санариптештирүүнүн алкагында эмне иш жасалды, эмнени үйрөнүшүбүз зарыл, биз санариптештирүү дегенди билебизби? Мындай маалыматтар азыр Чаткал, Токтогул сыяктуу өлкөнүн алыскы аймактарына жетпей жатат. Биз өкмөткө жардам берели деп ар бир облуста ушул иш-чараларды уюштуруп жатабыз, калганын бийлик өзү да жасашы керек, – деди Отунбаева.

 

Санариптик технологияны пайдаланууда негизинен чоң шаарлар алдыга озуп, аймактар артта калып келатканы көп эле жерде айтылып келатат. Санарип дегенде биринчи иретте уюк байланыш операторун жана телеканалдарды түшүнгөндөр көп. Буга чейин көп сөз болгон «Коопсуз шаар» долбоорунун алгачкы этабы деле азырынча Бишкек жана Ош шаарларын гана камтыйт.

 

Санариптештирүүнүн негизги максаттарынын бири элге мамлекеттик кызмат көрсөтүүдө бюрократияны азайтуу экендиги айтылган. «Түндүк» платформасы аркылуу бүгүнкү күндө 31 кызмат электрондук жол менен көрсөтүлүүдө. «Электрондук өз ара аракеттешүү борбору» ишканасынын директору Нурия Кутнаева өлкөнү санариптештирүү боюнча өкмөттө өткөн жыйында Кыргызстанда 53 мамлекеттик орган «Түндүк» тутумуна кошулганын 29-майда билдирген.

 

Расмий маалыматка караганда, Кыргызстанда 453 айыл өкмөтү бар. Маалымат технологиялары жана байланыш боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Дастан Догоев билдиргендей, «Санарип аймак» долбооруна быйыл жыл аягына чейин Кыргызстандагы бардык айыл өкмөттөр сыноо иретинде кирип иштей баштайт.

 

Бирок дал ушул мамлекеттик кызмат көрсөтүүдө санариптик технологияны колдонуунун деңгээлине карата сын пикирлер арбын. Мисалы, документ алууда, алмаштырууда жана башка иштерде мурдагыдай эле бюрократиянын чеңгелинен чыга албагандар четтен табылат.


Айталы, Талас районунун Тилек аттуу тургуну өкмөттүн «Таза коом» аттуу программасы токтоп калып, анын айынан айыл тургундары документ алыш үчүн райондун борборуна каттап жатканын айтып берди:

 

- Эки-үч жылдай мурун «Таза коом» деген жакшы программа башталган. Ага чейин күбөлүк, паспорт берүү милдетин айыл өкмөттүн астындагы жооптуу катчы аткарчу. «Таза коом» ишке киргенде жакшы жылыштар болгон. Жерге документ, паспорт берүү ишин бир эле адис тейлеп жаткан. Бирок санариптешүү жакшы башталганы менен көпкө узабай токтоп калды. Акыркы бир жылдан бери «Таза коомдун» айыл-айылдагы бөлүмдөрү жабылды. «Таза коом» ишке киргенде жооптуу катчылардын документ берүү милдети токтогон. Азыр эл балага күбөлүк болсун, паспорт болсун райондун борборуна барып алып калды. Ал жерге эртең менен барсаң, түш оогончо кезек күтөсүң. «Таза коомдун» аппаратуралары турат, ошолорду ишке киргизип же болбосо штат ачып, айыл өкмөттүн балансына өткөрүп берсе жакшы болмок. Бул райондогу паспорт столунун, ЗАГСтын ишин жеңилдетмек. Бүтүндөй бир районду тейлеш саналуу кызматкерлер үчүн деле оңой эмес.

 

Кыргыз бийлиги мамлекетти жогорку технология аркылуу өнүктүрүүнү караган «Таза коом» улуттук программасын 2017-жылы апрелде жарыялаган.

 

Бул долбоор 2040-жылга чейинки туруктуу өнүгүү боюнча улуттук стратегиянын бир бөлүгү экени маалымдалган. Мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаков премьер-министр кезинде бул долбоорду өз командасынын программасы катары илгерилеткен.

 




Ал камалгандан кийин өкмөткө караштуу Маалыматтык технологиялар жана байланыш комитетинин ошол кездеги төрагасы Бакыт Шаршембиев «долбоор саясатка байланыштуу токтоп калды» деген кептерди четке каккан.

 

Кыргызстанда санариптик технологиялардын ойдогудай өнүкпөй жатканын адистер ар кандай жагдайлар менен түшүндүрүшөт. Жаңы технологиялар паркынын директору Алтынбек Исмаилов адистердин жетишсиздигин негизги себептердин бири катары айтканы бар:

 

- Биздин алдыбызда бир топ көйгөйлөр турат. Алардын эң биринчиси - IT адистердин жетишсиздиги. Алсак, азыркы учурда чет өлкөдөн келген корпорация Кыргызстанга 200 татыктуу адис издеп, таппай жаткан кези. Мындан сырткары президентибиз 500гө жакын сапаттуу адистерди караштырды. Бул жаатта ар бир адис 1,5 миллион сомго чейин жылына киреше тапса болот. Бирок өзүбүздө билим алган IT адистердин саны аз, сапаты да төмөн болуп жатат.

 

Мындай ойго кошулбагандар да бар. Маалыматтык технологиялар боюнча эксперт Талант Султанов өлкөдө кадрлар жетиштүү деп эсептейт.

 

- «Кыргызстанда маалыматтык жаңы технологиялар боюнча кадрлар, адистер жок» деп оозду куу чөп менен аарчый беребиз, - дейт ал. - Чындыгында Кыргызстанда бул тармакта кадрдык потенциал күчтүү. Керек болсо, биздин мекендеш адистер башка мамлекеттер үчүн программаларды түзүп жүрүшөт. Биздин мамлекетке керектүү даярдап койгон программалары да бар, аларды ишке тартып, пайдалануу керек.

 

Элге көрсөтүлгөн кызматтардын айрымдарын көбүнчө жеке сектор салыштырмалуу ийгиликтүү колго алган. Мисалы, Кыргызстандагы ири электрондук капчыктардын бири болуп саналган «Элсомго» ээлик кылган KICB банкынын өкүлү Мээрим Каратаеванын айтымында, учурда «Элсом» электрондук капчыгын 450 миңдей адам пайдаланып жатат. Бул аталган банк үчүн чоң секирик. Кыргызстанда башка электрондук капчыктардын да колдонуучулары алдыңкы бир-эки жылда эки эсе көбөйдү деп айтууга болот. 2017-жылы бул сан 700 миңдей эле болсо, быйыл бир жарым миллионго чукулдады. Бир өзгөчөлүгү - мындай кызматтар деле элетке анча жете элек.

 

Быйылкы жыл Кыргызстанда Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү жылы деп жарыяланган.


https://www.azattyk.org