Подарок для библиотек: 400 экземпляров второго тома книги Си Цзиньпина поступят в библиотеки Кыргызстана

March 31, 2026, 22:30

Үстүгүбүздөгү жылдын 31-март айында  «Роза Отунбаеванын демилгеси» Эл аралык коомдук фонду, мартта басылып чыккан Си Цзиньпиндин «Мамлекеттик башкаруу жөнүндө” китебинин экинчи томун Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана жаштар саясат министрлигинин алдындагы Мамлекеттик китеп палатасынын балансына 400 нуска китеп белек катары өткөрүп берди. Китеп палатасы, Министрликке караштуу республикалык, облусттук, райондук жана шаардык китепканаларга таратып берилерин билдиришти.


Китептерди өткөрүп берүү иш-чарасына, КР Маданият, маалымат жана жаштар саясат министрлигинин өкүлү, А.Осмонов атындагы  Улуттук китепканасынын директору Аттокуров Элдар Эртабылдиевич, КР Мамлекеттик китеп палатасынын директорунун орун басары Айбек Иманалиев, жана Фондун аткаруучу директору Кайыкова Роза Жазыбаевна катышты.