Кыргызстанда Си Цзиньпиндин «Мамлекеттик башкаруу жөнүндө» аттуу китебинин II тому кыргыз тилинде жарык көрдү

March 24, 2026, 09:52

«Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпиндин «Мамлекеттик башкаруу жөнүндө» аттуу китебинин экинчи томун кыргыз тилине которуп, 2000 нускада басып чыгарды.


Бул эмгек Кытайды дүйнөлүк өнүгүүнүн алдыңкы катарына алып чыккан мамлекеттик реформаларга арналган жана эл аралык коомчулукта чоң кызыгуу жараткан. Китепте Си Цзиньпиндин баяндамалары жана макалалары топтолуп, анда өлкөнү башкаруунун негизги принциптери, саясий стратегиясы жана өнүгүү багыты кеңири баяндалат.


Китептин кыргыз тилинде жарык көрүшү Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы достукту, өз ара түшүнүшүүнү жана коңшулук мамилелерди мындан ары чыңдоого өбөлгө түзөт. Ошондой эле бул басылма кыргыз окурмандарына Кытайдын ички жана тышкы саясатынын өзгөчөлүктөрүн, өнүгүү моделин тереңирээк түшүнүүгө мүмкүнчүлүк берет.


Жыйнактагы материалдар Кытайдын соңку ондогон жылдардагы тарыхый өнүгүү жолун жана Кытай Коммунисттик партиясынын жетекчилиги алдында жетишилген ийгиликтерди объективдүү баалоого шарт түзөт.


Китептин кыргыз тилиндеги котормосу «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду тарабынан Кытайдын Чет тилдердеги адабияттарды басып чыгаруучу басмасы (Foreign Languages Press Co. Ltd) менен биргеликте даярдалган.


Басылма Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларына, китепканаларга жана мамлекеттик органдарга таратылат.


Маалымат үчүн:

Китеп «Өмүрү өрнөк инсандар» сериясынын алкагында жарык көрдү. Басылманын автору — Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпин. «Мамлекеттик башкаруу жөнүндө» аттуу эмгектин II тому орус тилинен кыргызчага которулду.

Китепти кыргызчага Э. Нурушев, А. Пазылов жана Э. Каптагаев которушту.

Ошондой эле  Каптагаев Э.С.  басылманын жооптуу редактору болуп, текстти кытай тараптын эксперттери менен биргеликте редакциялоо, китепти басмага даярдоо иштерин техникалык редактор менен кошо жүргүздү.


Кошумча маалымат:

2019-жылы «Роза Отунбаеванын демилгеси» Фонду Кытай тарап менен биргеликте «Си Цзиньпин. Мамлекеттик башкаруу жөнүндө» китебинин I томун кыргыз тилинде чыгарган. Ал басылма КЭР Төрагасы Си Цзиньпиндин Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапарынын алкагында тааныштырылган.