Бишкекте «Үмүт-Надежда» борборунда жашылдандыруу акциясы өттү

March 27, 2026, 20:30

25-мартта Республикалык «Умут-Надежда» балдардын ден соолугун чыңдоо борборунда көчөт отургузуу акциясы өттү. Иш-чарага борбордо билим алып жаткан балдар, педагогдор, KICB банкынын өкүлдөрү, «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду жана ыктыярчылар катышты.


Акциянын алкагында борбордун балдар аянтына жана бала бакчанын аймагына ак кайың, каштан, эмен, арча жана декоративдүү бадалдардын жалпы 148 көчөтү отургузулду.


Белгилей кетсек, «Green Foundation» демилгеси 2012-жылдан бери KICB банкы жана «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду тарабынан биргелешип ишке ашырылып келе жаткан коммерциялык эмес долбоор болуп саналат. Анын негизги максаты — Бишкек шаарындагы жана Кыргызстандын башка аймактарындагы мектептерди жана бала бакчаларды жашылдандыруу, ошондой эле балдарга экологиялык билим берүү жана айлана-чөйрөгө кам көрүү маданиятын калыптандыруу.


14 жыл ичинде демилгенин алкагында өлкө боюнча 20 миңден ашык көчөт мектептерге, бала бакчаларга жана парктарга отургузулган. 2026-жылы республика боюнча 10 билим берүү мекемесине жана муниципалдык парктарга 1000ден ашык көчөт отургулду.