Жашыл келечекке салым: Бишкекте көчөт отургузуу акциясы өттү
March 27, 2026, 08:40
Бишкек шаарындагы «Мурас-Ордо» конушундагы №58 мектепке чейинки билим берүү
мекемесинин аймагында «Green Foundation» жыл сайын өткөрүлүүчү экологиялык
демилгесинин алкагында жашылдандыруу акциясы өттү. Иш-чараны «Роза Отунбаеванын
демилгеси» эл аралык коомдук фонду KICB банкы жана Ага Хан өнүктүрүү уюму менен
биргеликте уюштурду.
Акциянын жүрүшүндө аймактын климаттык шарттарына ылайыкташкан көк карагай,
эмен, каштан жана ак кайың сыяктуу дарактардын 98 көчөтү отургузулду. Бул
өсүмдүктөр абанын сапатын жакшыртып, балдар үчүн жагымдуу жана коопсуз
экологиялык чөйрөнү түзүүгө өбөлгө болот.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин, Бишкек шаарынын
Билим берүү департаментинин өкүлдөрү, өнөктөш уюмдар жана ыктыярчылар катышты.
«Роза Отунбаеванын демилгеси»
фондунун аткаруучу директору Роза Кайыкова белгилегендей, бул демилге 14 жылдан
бери ийгиликтүү ишке ашырылып келет: «Бул убакыт аралыгында биз өнөктөштөр менен
биргеликте Бишкек шаарындагы ондогон мектептердин жана бала бакчалардын аймагын
жашылдандырдык. Быйыл долбоордун географиясы кеңейип, көчөт отургузуу иштери
Ош, Баткен, Талас жана Чүй облустарында да өткөрүлүүдө».
KICB банкынын башкармалыгынын
төрагасы Али Ариф мындай демилгелердин узак мөөнөттүү маанисине токтолду: «Ар бир бүгүн отургузулган дарак — бул
биздин балдарыбыздын ден соолугуна жана өлкөнүн экологиялык келечегине кошкон
салым».
Бишкек шаардык мэриясынын Билим берүү департаментинин өкүлү Мурсаева Айнура
Кубанычбековна жашылдандыруу акциясынын билим берүү мекемелеринин аймагында
өткөрүлүп жатканы өзгөчө маанилүү экенин белгилеп, ыраазычылыгын билдирди.
Иш-чаранын катышуучулары Бишкек шаарынын мэриясына жана Кыргыз
Республикасынын Агартуу министрлигине көрсөтүлгөн колдоо үчүн ыраазычылык
билдиришти.
Белгилей кетсек, «Green Foundation» демилгеси 2012-жылдан бери ишке
ашырылып, анын алкагында Кыргызстан боюнча 21 миңден ашык көчөт отургузулган.
Демилге KICB банкы жана «Роза Отунбаеванын демилгеси» фонду тарабынан
биргелешип жүргүзүлүп, мектептерди жана бала бакчаларды жашылдандыруу менен
катар балдарга экологиялык билим берүү максатын көздөйт.
2026-жылы демилгенин алкагында республика боюнча 10 билим берүү мекемесине
жана муниципалдык парктарга 1000ден ашык көчөт отургузуу жана жеткирүү
пландалган. Анын ичинде Токмок, Ош, Баткен, Талас шаарларындагы мектептерге
жана Бишкектеги бир катар билим берүү мекемелерине көчөттөр берилди.











