11-октябрь — Кыздардын эл аралык күнү

October 11, 2022, 08:37

Майрам жакында эле, 2012-жылы, БУУнун демилгесинин аркасында пайда болду жана ал эң ириде кыздардын бардык социалдык укуктарын сактоо зарылчылыгын азыркы коомго көрсөтүүгө чакырылган, курчап турган дүйнөдө кыздар кабылып жаткан гендердик жана социалдык теңсиздиктин, кысымга алуунун, зомбулуктун учурдагы көйгөйлөрү жөнүндө маалымдайт.


Өзүн коопсуз сезүү, өзүнүн муктаждыктарын айтуу үчүн жана өзүнүн потенциалын толук ишке ашыруу максатында билим алуу үчүн бардык кыздар өзүнүн ата-энеси, үй-бүлө жана бүтүндөй алганда коом тарабынан колдоого муктаж.


2022-жылы Кыздардын эл аралык күнү негизделгенине 10 жыл толот жана быйылкы жылы анын глобалдык темасы мындай: «Биздин мезгилибиз – биздин укуктарыбыз, биздин келечегибиз».


Кыздардын эл аралык күнүндө биз дүйнөдөгү бардык кыздарга бактылуу, аларды сүйгөн, түшүнгөн жана алардын саамалыктарын колдогон үй-бүлөдө өсүшүн каалайбыз.


Кымбаттуу кыздарыбыз, силер канча жашта болбогула, силер – эң жакшы, эң сулуу, эң акылдуу экениңерди жана өзүңөр тандаган бардык чөйрөлөрдө дайыма ийгиликке жетишээриңерди дайыма эсиңерге туткула.


Максатыңарды ишке ашырууга карай тартынбай баргыла жана силердин ар бир күнүңөр маанилүү, жайдары, кызыктуу жана таң калычтуу болсун!