«Модерн vs Классика» концерт-презентацияга чакырабыз

February 4, 2020, 06:00

"Бий – бул дененин кыймылы аркылуу бошолуп чыккан жан сезимдеринин чагылдыруусу” – деп, бийди, тактап айтканда заманбап/модерн бийди мүнөздөгөн хореограф Марта Грэм. Сиздердин ар бириңиздер бийдеги жандуу кыймылдан кийин ушул эркиндикти, жыргалчылыкты, жеңилдикти сезген болсо керек.


Билим берүү системасында балдарды дүйнө таануу, жаратылыштын, же химиялык процесстердин мыйзамдары менен тааныштырууга көп убакыт бөлүнөт, бирок баланын өзүн жана өз денесинин мүмкүнчүлүктөрүн таанууга, өзүн кыймыл аркылуу чагылдырууга көңүл такыр бурулбайт. Заманбап хореографияны өзүнүн ичин тыңдап кароого, билүүгө аракеттенүү катары караса болот.


Биз бардык балдарды жана педагогдорду Базарбаев атындагы Бишкек хореографиялык училищенин залында 21-февралда өтө турган "Модерн vs Классика" концерт-презентациясын көрүүгө чакырабыз. Сиздер модерн бийдин негиздери менен таанышууга, классикалык балеттин модерн-балеттен айырмасын билүүгө, кээ бир көнүгүүлөрдө өзүңүздү сыноого мүмкүнчүлүк аласыз.

  

Жаш курагы: 14+.

Башталышы саат 15.00.

Билеттин баасы - 70 сом. 

Билеттерди БХУда сатып алсаңыз болот. (Москва көч. 231/1, Логвиненко көч. менен кесилишинде). 

Концерт-презентация "Балдар филармониясы" музыкалык-билим берүү программасынын алкагында өткөрүлүүдө.