Продвижение госполитики в области дошкольного питания

Тамак-аш калктын ден соолугун аныктаган маанилүү факторлордун бири болуп саналат. Туура тамактануу балдардын ойдогудай өсүшүн жана өнүгүшүн камсыз кылат, оорулардын алдын алууга, адамдардын өмүрүнүн узактыгына, эмгекке жөндөмдүүлүгүнө көмөктөшөт, аларды курчап турган чөйрөгө адекваттуу адаптациялоо үчүн шарттарды түзөт. Толук баалуу, рационалдуу тамактануунун бузулушу азык-түлүк чийки затын жана тамак-аш азыктарын өндүрүүнүн кризистик абалынан, ошондой эле өлкөнүн калкынын зор бөлүгүнүн сатып алуу кудуретинин кескин төмөндөшүнөн келип чыкты. Тамак-аш азыктарынын жана азык-түлүк чийки затынын сапатынын көйгөйү курч турат. Таза, рационалдуу тамак-аш маселелеринде калктын билим деңгээли өтө төмөн. Калктын өзүндө тамак-ашка аң-сезимдүү мамилени, рационалдуу тамактануу жана тамактануу маданияты үчүн шарттарды түзүүгө карата анын даярдыгын калыптандыруу калкка маалымдоо боюнча мамлекеттик саясаттын кыйла маанилүү компоненти болуп саналат. Коомчулук жетиштүү деңгээлде маалымдалган эмес. Ушуга таянуу менен төмөнкүлөр зарыл: • азык-түлүк коопсуздугу жана тамак-аш маселелерин башкаруу боюнча окутуунун ийкем тутумун түзүү жана кадрлардын квалификациясын жогорлатуу; • азык-түлүк коопсуздугу жана тамак-аш боюнча маалыматка жеткиликтүүлүктү жакшыртуу; • бийликтин бардык деңгээлдеринде маалымдар болууну жакшыртуу; • калктын потенциалын арттыруу негизги багыт болуп саналат; • жамааттарды мобилизациялоо аркылуу калктын тамактануу маданиятын жакшыртуу жөнүндө коомчулуктун маалымдар болушун жогорулатуу. Долбоордун максаты билим берүү, саламаттык сактоо кызматкерлеринин, жергиликтүү бийлик институттарынын, жарандык коомдун жана ЖМКнын өкүлдөрүнүн потенциалын жогорулатуу аркылуу туура тамактануунун негиздери боюнча калктын маалымдар болушун арттыруу жана калктын туура тамактануу жөндөмдөрүн калыптандыруу болуп саналат. Социалдык мобилизациялоо аркылуу азык-түлүк коопсуздугунун, туура тамактануунун маселелери боюнча негизги мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик органдары, билим берүү жана саламаттык сактоо мекемелери менен сектор аралык диалогду түзүү жана өнүктүрүү жана жашоонун сапатын жакшыртуу, ошондой эле таза тамак-аш жана жашоо ыңгайы жөндөмдөрүн өнүктүрүү. Долбоордун милдеттери: - Тренингдер жана семинарлар аркылуу жамааттардын жана жергиликтүү жергиликтүү бийлик органдарынын потенциалын өнүктүрүү. - Салттуу 25 тамагы менен кыргыз жана орус тилдериндеги рецепттердин китебин иштеп чыгуу жана басып чыгаруу, 16-октябрда бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк күнү жана китепти берүү менен байланышкан пилоттук айылдардын деңгээлинде 3 майрамдык иш-чараны өткөрүү. - Телекөрсөтүү жана радио, журналисттер үчүн тренинг, уктуруу аркылуу азык-түлүк коопсуздугу жана тамак-аш жөнүндө коомдук пикирди калыптандыруу үчүн жалпыга маалымдоо каражаттарынын потенциалын чыңдоо. - Азык-түлүк коопсуздугу жана тамак-аш жагындагы иш жөнүндө коомчулуктун маалымдар болушун арттыруу жана коомдун маалымдар болушун арттыруу. Долбоордун алкагында Жалал-Абад областынын Сузак районунун үч айылында (Сафаровка, Октябрь жана Багыш) кулинардык китептке киргизүү үчүн улуттук ашкананын 25 тамагын чогултуу жана жасоо боюнча иш жүргүзүлдү. Жалал-Абад областынын Сузак районунун Багыш айылдык округунда Туура тамактануу фестивалы уюштурулду. Билим берүүнүн жана саламаттык сактоонун өкүлдөрү үчүн 5 семинар-тренинг (жалпысынан 130дан ашык адамды камтыды) жана «Туура тамактануунун негиздери жана туура тамактануу жөндөмдөрүн калыптандыруу боюнча коомдун маалымдар болушун арттыруу» темасына чечимдерди кабыл алган адамдар үчүн семинар уюштурулду жана өткөрүлдү. 1. КР РДЧБ – Кыргыз Республикасынын Республикалык ден соолукту чыңдоо борбору www.ds.kg 2. КР ССМ – Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги www.med.kg 3. КР БжИМ – Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги www.edu.gov.kg 4. КР ЭСӨМ – Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги www.mlsp.gov. kg 5. КБА – Кыргыз Билим берүү академиясы www.kao.kg 6. И.Раззаков атындагы КТУ – И.Раззаков атындагы Кыргыз техникалык университети www.kstu.kg 7. «Манас» КТУ - «Манас» Кыргыз-Түрк университети www.manas.edu.kg 8. Өкмөттүн областардагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктөрү. 9. Райондук мамлекеттик администрациялар 10. Билим берүүнүн областтык методикалык борборлору 11. Райондук билим берүү бөлүмдөрү 12. Үй-бүлөлүк медицина борборлору.

Долбоордун максаттары:

Долбоордун максаты билим берүү, саламаттык сактоо кызматкерлеринин, жергиликтүү бийлик институттарынын, жарандык коомдун жана ЖМКнын өкүлдөрүнүн потенциалын жогорулатуу аркылуу туура тамактануунун негиздери боюнча калктын маалымдар болушун арттыруу жана калктын туура тамактануу жөндөмдөрүн калыптандыруу болуп саналат.

Пресс-центр

Жаңылыктар
Пресс-релиздер
Анонстор жана жарыялар
Чыгыш сөздөр жана докладдар

Пусто

Мултимедиа

Сүрөт галереясы
Видео
Подкасттар

Пусто