Коомдоштуктардын деңгээлинде кырсыктардын тобокелдиктерин башкаруу (ККТБ) боюнча тренинг: Кыргызстанда адаптациялык потенциалды башкаруу

March 1, 2024, 23:24

2024-жылдын 1-2-мартында Чолпон-Ата шаарында «Жаратылыш кырсыктарынын мониторингинин улуттук системасын жана коомдоштуктардын адаптациялык потенциалын чыңдоо аркылуу Кыргызстанда муз көлдөрдүн жээктен чыгышынан (GLOF) жана селдерден тобокелдиктерди жана чабалдыкты төмөндөтүү» долбоорунун алкагында коомдоштуктардын деңгээлинде кырсыктардын тобокелдиктерин башкаруу боюнча тренингдер өттү.

 

Иш-чарага Ысык-Көл районунун мамлекеттик администрациясынын өкүлдөрү, КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өкүлдөрү, пилоттук айыл аймактарынын депутаттары, жаштар уюмдарынын жана кыз-келиндер кеңештеринин өкүлдөрү, экологиялык активисттер – экологиялык мониторинг топторунун активдүү мүчөлөрү катышты. Тренингдин катышуучулары коомдоштуктун башка мүчөлөрү үчүн тренингдерди өткөрөт.

 

Тренингдин максаты: Тоодогу көлдөрдүн жырып кетүү коркунучунун жана алар менен байланышкан селдердин жана жер көчкүлөрдүн алдында чабал коомдоштуктардын активдүү өкүлдөрүн методикалык жардам менен камсыз кылуу. Катышуучулар тобокелдиктерди башкаруу жөндөмдөрүн өздөштүрөт, бул аларга климаттын өзгөрүшү менен байланышкан жаратылыш кырсыктарынын таасирин эске алуу менен туруктуу өнүктүрүү боюнча чараларды натыйжалуу уюштурууга жана жүзөгө ашырууга мүмкүндүк берет.

 

Бул долбоор Япония өкмөтүнүн финансылык колдоосу менен БУУнун Өнүктүрүү Программасы тарабынан ишке ашырылып жатат. «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду «Өзгөчө климаттык кырдаалга карата жамааттык аракеттенүүнү колдоо жана адамдын коопсуздугун жана жашыл трансформацияны камсыз кылуу үчүн өнүгүүнүн туруктуу жолдорун түзүү» долбоорунун алкагында 3-компонентти жүзөгө ашырып жатат, ал Чолпон-Ата шаарынын жана Чоң-Сары-Ой, Бостери айылдарынын пилоттук коомдоштуктарында жаратылыш кырсыктарынын мониторингинин улуттук системасын жана коомдоштуктардын адаптациялык потенциалын чыңдоого багытталган. Долбоордун алкагында түзүлгөн экологиялык мониторинг топторунун активдүү мүчөлөрү тренингге жигердүү катышып жатат.