Бишкек шаарындагы бала бакчалардын жетекчилери менен жолугушуу өттү

November 26, 2026, 23:06
2026-жылдын 25-ноябрында «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фондунун аткаруучу директору Бишкек шаарындагы бала бакчалардын жетекчилери менен жолугушту.

Жолугушууда фонд тарабынан басылып чыгарылган балдар китептери жана «Ата-бабалардын сандыгы» аттуу көрсөтмө окуу куралы тааныштырылды. Анда Кыргызстандын жана ар бир облустун карталары, кыргыз элинин улуттук кийимдери чагылдырылган көрсөтмө плакаттар камтылган.

Ошондой эле жолугушуунун катышуучуларына «Залкар инсандардын өмүрү» сериясындагы китептер жана баланын төрөлгөндөн тартып беш жашка чейинки өнүгүүсүнө арналган «5 кадам» китеби белекке берилди.