Ивановка айылында үй-бүлөлөрдүн финансылык сабаттуулука багытталган жана чакан бизнес-план түзүү боюнча тренингдер өткөрүлдү

October 28, 2026, 11:13

Чүй облусунун Ивановка айылындагы Чыңгыз Айтматов атындагы № 1 орто жалпы билим берүү мектебинин базасында финансылык сабаттуулук жана чакан бизнес-план түзүү боюнча тренинг өткөрүлдү. Иш-чара ишкердик көндүмдөрдү өнүктүрүүгө, финансылык сабаттуулукту жогорулатууга жана үй-бүлөлөрдүн экономикалык бакубаттуулугун чыңдоого багытталган демилгелерди колдоого арналды.


Тренингдин жүрүшүндө катышуучулар бизнести жүргүзүүнүн негиздери менен таанышып, ишкердик мүмкүнчүлүктөрдү жана тобокелдиктерди баалоону, үй-бүлөлүк бюджетти пландаштырууну, киреше менен чыгашаны талдоону үйрөнүштү. Өзгөчө көңүл чакан бизнес-план түзүүгө бурулду. Анын алкагында бизнес-идеяны иштеп чыгуу, максаттуу кардарларды аныктоо, болжолдуу киреше жана чыгашаларды эсептөө, пайданы жана чыгашасыз иштөө чекитин аныктоо маселелери каралды.


Программанын практикалык бөлүгүндө маркетинг, жарнама, кардарларды тартуу жана сатууну уюштуруу маселелери камтылды. Ошондой эле катышуучулар өз ишин баштоо үчүн мүмкүн болгон ресурстардын булактарын талкуулап, алдыдагы 3–6 айга карата алгачкы иш-аракеттер планын иштеп чыгышты.


Тренингди Азат Исраилов өткөрдү. Практикага багытталган окутуу форматы катышуучуларга өз ишин пландаштыруунун негизги этаптарын ырааттуу өздөштүрүүгө жана финансылык, ишкердик чечимдерди негиздүү кабыл алуу үчүн зарыл болгон билимдерди алууга мүмкүнчүлүк түздү.


Финансылык сабаттуулукту жана ишкердик компетенцияларды өнүктүрүү үй-бүлөлөрдүн экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө, финансылык кыйынчылыктарга туруктуулугун жогорулатууга жана кошумча киреше табууга шарт түзөт.


Иш-чара Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин (ЭСКММ КР) каржылык колдоосу менен «Роза Отунбаеванын демилгеси» Эл аралык коомдук фонду тарабынан «Бактылуу үй-бүлө» долбоорунун алкагында уюштурулду.