«Илимдеги кыздар» долбоорунун алкагында мамлекеттик ченемдик жана укуктук актыларда STEM’дин ролун жүргүзүлгөн талдоонун натыйжалары презентацияланды

May 20, 2021, 09:33

Кечээ, 2021-жылдын 19-майында, «Хаят» мейманканасынын «Шайыр» конференц-залында «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду «КРдагы билим берүү жана аны талдоо жагындагы саясат» жагынан ЮНИСЕФтин «Илимдеги кыздар» долбоору боюнча аткарылган иштердин натыйжалары жана сунуштамалары боюнча тегерек стол өткөрүлдү.


Иш-чарада мамлекеттик ченемдик жана укуктук актыларда STEM’дин ролун жүргүзүлгөн талдоонун натыйжалары презентацияланды жана билим берүү жагынан чечим кабыл алуучу органдарга сунуштамалар берилди.


Иш-чарага Кыргыз Республикасынын экс-Президенти, «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фондунун уюштуруучусу Роза Отунбаева, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова, БУУнун балдар фондунун (ЮНИСЕФ) Кыргызстандагы өкүлүнүн орун басары Юлия Олейник, Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Джусупбекова, ЖК депутаты Абдывахаб Нурбаев катышты. Ошондой эле иш-чаранын катышуучуларына видео кайрылуу менен британдык илимпоз жана «Илимдеги кыздар» долбоорунун ыктыярдуу эрк элчиси Асель Сартбаева кайрылды.


2021-2040-жылдары Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясын ишке ашыруунун алкагында «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду ЮНИСЕФтин колдоосу менен «Илимдеги кыздар» долбоорун жана бүтүндөй алганда, билим берүүнү жакшыртууга багытталган демилгелерди ишке ашырып жатат. Бул долбоордун алкагында төмөнкүдөй мамлекеттик ченемдик-укуктук актыларда STEM’дин ордун аныктоо үчүн талдоо жүргүзүлдү. Кыргыз Республикасынын билим берүүсүн өнүктүрүү стратегиясы, БУП, билим берүүчү жана предметтик стандарттар, STEM жана эмгек рыногунда талап кылынган кесиптер – бардык ушул компоненттер эске алынды, талданды жана сунуштамалары менен даярдалды.

 

Кыргыз Республикасынын эмгек рыногунда гендердик теңчиликти сактоо, иш менен камсыз кылуу жана абал, өзгөчө так илимдерге жана кесиптерге негизделген адистиктер боюнча абал жагынан талдоо жүргүзүлдү.

 

Биз ошондой эле башка өнөк – Борбордук Азиядагы Америкалык университеттин Инновациялык колледжи гендердик сезимтал предметтик модулдарды иштеп чыккандыгы жөнүндө айткыбыз келет. Бул модулдарда пилоттук мектептердин табигый илим сабактарын өтүүчү мугалимдеринин кесиптик жөндөмдөрүн жогорулатуу боюнча натыйжалуу сунуштамалар иштелип чыккан, ал эми пилоттук мектептердин мугалимдери үчүн атайын тренинг өткөрүлдү.

 

Тегерек столдун жүрүшүндө «Илимдеги кыздар» долбоорунун максаттары, Кыргыз Республикасындагы билим берүү саясаты жана анын талдоосу, гендердик сезимтал педагогиканы окуу китептерине киргизүү жана кодулоого каршы гендердик экспертиза, ошондой эле сапаттуу билим берүүнү камсыз кылууда мугалимдин ролу жана мектептерде STEM’ди өтүүнү жакшыртуунун ыктымалдуу ыкмаларын презентациялоо талкууланды, иштин жыйынтыктары боюнча резолюция кабыл алынды.