Ошто чек арага чектеш айылдардын активист аялдары менен бийлик өкүлдөрүнүн баарлашуусу болду

June 3, 2021, 08:42

3-июнь күнү Ош шаарында “Доор жаңырткан аял лидерлиги аркылуу өлкөнүн өнүгүшү жана тынчтыкты бекемдөө үчүн коомду бириктирүү” аталышындагы диалог өттү.


Иш чаранын максаты: узак мөөнөттүү жана туруктуу тынчтыкты камсыздаган натыйжалуу ыкмаларды издеп табууда жаңжалдарды чечүү жолдору боюнча көз караштарын, пикирлерин билдириши үчүн жабыркаган аймактан келген аялдарга аянтча түзүп, алар менен бетме-бет отуруп пикир алышуу.


Иш чара диалог форматында өттү. Катышуучулар бир нече топторго бөлүнүп, өз ойлорун ортого салышты. Ар бир топ Баткен облусунан келген активист аялдар жана жергиликтүү кеңештин айым депутатарынан, мамлекеттик бийлик структураларынын өкүлдөрүнөн, КР Жогорку Кеңешинин депутаттарынан турду.


“Биздин иш чаранын максаты Баткен облусунун жабыр тарткан чек арага чектеш райондорунун активист аялдарынын сунуштарын бийликтин өкүлдөрү, парламенттин депутаттары, министрлер кабинетинин өкүлдөрү жана айыл өкмөттөрү чогуу угуп, маселени бирге талкуулай турган уникалдуу аянтчаны түзүү болду. Алар активисттер жана жаңыдан шайланган айылдык кеңештин депутаттары болуп саналышат. Бирок чечим кабыл алуунун ар кандай деңгээлдеринде алардын үнү угулбай, тажырыйбасы эске алынбай келет. Бул аялдардын проблемаларды чечүү боюнча конкреттүү сунуштары бар” – деп айтты БУУнун Аялдар түзүмүнүн өкүлү Улзийсурэн Жамсран.


“Шайлоонун жыйынтыгынан көрүнүп тургандай, жергиликтүү кеңештердеги 30% гендердик квотанын аркасында бүгүнкү күндө биздин айылдык кеңештерде аялдардын өкүлчүлүгү 10% дан 38% га чейин өстү. Бул чындыгында бардыгыбыз үчүн, биздин өлкө үчүн чоң саясий ийгилик. Урматтуу аялдар, урматтуу эже-сиңдилер, эми сиздерде бир гана кеңештин депутаттык мандаты эмес, сиздерде өз айылыңыздын, жамаатыңыздын, өлкөңүздүн жыргалчылыгы үчүн колдоно турган бийлик инструменттери бар.


Мен силерди талыкпай иштөөгө чакырам, анткени Кыргызстан силердин талантыңтыңарга, күчүңөргө жана тажрыйбаңызга мурункудан көбүрөөк да муктаж болуп турат”, - деп айтты Министрлер кабинетинин төрага орун басары Жылдыз Бакашова.


Иш чара учурунда чек ара өлкөнүн коопсуздугунун кепилдиги катары; чечим кабыл алуу деңгээлинде аялдардын болушу коопсуздуктун натыйжалуулугунун негизи катары; өлкөнүн коопсуздугун камсыздоо үчүн мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр; бекем үй-бүлө өлкөнүн коопсуздугунун негизи катары; өлкөнүн өнүгүүсу үчүн чыр-чатактарды натыйжалуу алдын алуу деген аталыштагы беш багыттагы баарлашуу болду.


“Биздин каттарыбыз, өтүнүчтөрүбүз жогорку деңгээлдеги адамдарга көбүнчө жетпей калат. Бүгүнкү баарлашуу биздин проблемалардын жана аларды чечүү боюнча сунуштарыбыздын бул маселе боюнча чечим кабыл ала турган тиешелүү жетекчилерге жетүүсүнө жардам берди. Бул иш чара катышуучулар бардыгы бирдей пикирин билдире алган биринчи учур болду, баарлашуу абдан ачык-айкын өттү”, - деди Баткен районунун Кара-Булак айыл кеңешинин депутаты Дарыйка Калыкова.


“Бүгүнкү баарлашуу уникалдуу болду. Биз парламент депутаты катары аймактарга тез-тез барабыз. Бирок жергиликтүү бийлик топтоп берген эл менен шашып-бушуп жолугуп коюп, кетип калабыз. Бүгүн болсо жабыркаган райондордо жашаган жашоочулардын, айрыкча аялдардын проблемаларын дыкат укканга эң жакшы мүмкүнчүлүк болду. Мен өзүм жана менин коллегаларым бардык сунуштарды жазып алдык, телефон номерлерибизди бериштик, биз эми Баткен облусунун өкүлдөрү менен биргеликте облустун тургундарына өзгөчө статус бере турган мыйзам долбоорун илгерилетебиз,” – деп айтты КР Жогорку Кеңешинин депутаты Жанар Акаев.


Иш чаранын жыйынтыгында катышуучулар проблемаларды чечүүдө, анын ичинде чыр-чатак маалында алгачкы көңүл буруу учурундагы, талаш-тартыш маселелерди жөнгө салуу процессиндеги, чыр-чатактан кийинки калыбына келтирүүдө, чек арага чектеш райондордогу чыр-чатакты андан ары ырбатпай алдын алууда аялдардын катышуусунун жана кошкон салымынын маанилүүлүгүн таанып, моюнга алышты.


Иш чара учурунда 2021-жылдын апрель айынын аягында чек ара чыр-чатагында жабыркаган аялдардын фото-сүрөттөрү жана алар тууралуу баяндар жазылган көргөзмө коюлду. Бул аялдардын чыр-чатактарды жөнгө салуудагы жана жабыркаган коомду калыбына келтирүүдөгү ролунун маанисин дагы бир ирет бекемдеди.


Иш чара БУУнун Тынчтыкты куруу фонду тарабынан каржыланган “Зордук-зомбулук менен коштолгон экстремизимдин алдын алуу үчүн инклюзивдүү башкаруу жана сот адилеттиги системасы” долбоорунун алкагында Кыргызстандагы БУУнун Аялдар түзүмү тарабынан өткөрүлүп жатат. Иш чара “Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фонду менен өнөктөштүктө уюштурулду.