Мамлекеттик башкаруу маселелери боюнча Симпозиум жана Кытай менен Борбор Азиянын ортосундагы Гуманитардык алмашуулар боюнча Диалог – 2025

June 3, 2025, 08:11

2025-жылдын 30-майында Казакстандын борбору Астанада Кытай менен Борбор Азиянын ортосунда мамлекеттик башкаруу маселелери боюнча Симпозиум жана гуманитардык алмашуу боюнча Диалог болуп өттү. Иш-чарага Кытай, Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Өзбекстан жана Түркмөнстандын өкүлдөрү катышты. Иш — чаранын уюштуруучулары-КПК БКнын пропаганда бөлүмү жана КЭР адабияттарды чет тилдерде басып чыгаруу жана жайылтуу иштери боюнча башкармалыгы, ошондой эле бир нече алдыңкы илимий борборлор жана эл аралык уюмдар.


Форумдун башкы темасы "Модернизациялоо жана регионалдык кызматташуу: биргелешкен гүлдөп-өнүгүүгө жол" болду. Катышуучулар Борбор Азия өлкөлөрү менен Кытай  санариптик экономиканы өнүктүрүү сыяктуу глобалдык өзгөрүүлөрдүн шартында кызматташтыкты кантип тереңдете аларын талкуулашты. Туруктуу өнүктүрүү, "жашыл" технологияларды киргизүү жана санариптештирүү, ошондой эле модернизациялоо жаатында тажрыйба алмашуу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.


Симпозиумдун алкагында глобалдык коопсуздук, кибер коркунучтарга каршы күрөшүү жана климаттын өзгөрүшү сыяктуу маанилүү маселелерди талкуулаган чакан форумдар да өттү. Маалымат коопсуздугу, энергияга өтүү жана биологиялык коопсуздук боюнча биргелешкен аракеттер темалары көтөрүлдү. Талкуунун маанилүү бөлүгү маданий кызматташтык болду. 


"Роза Отунбаеванын демилгеси" эл аралык коомдук фондунун аткаруучу директору Роза Кайыкова жана Фонддук программалык директору Жанна Отунбаева баяндама жасашты. Роза Кайыкова "Глобалдык өзгөрүүлөр жана регионалдык кызматташуу" баяндамасында "Роза Отунбаеванын демилгеси" эл аралык коомдук фондунун ишмердүүлүгүнүн мисалында гуманитардык программалар региондогу инфраструктуралык жана экономикалык долбоорлорду кантип толуктап жана күчтөндүрө аларын көрсөтүү менен токтолду, ошондой эле бүгүнкү күндө тажрыйба алмашууга гана эмес, синергияда аракеттенүүгө, биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга, эксперттер менен алмашууга, туруктуу транспорттук, санариптик жана гуманитардык коридорлорду курууга мезгил келгенин белгиледи. Ошол эле учурда — модернизациялоонун жана регионалдык кызматташуунун борборунда адам-анын муктаждыктары, кыялдары жана татыктуу жашоого болгон укугу турушу керектигин ар дайым эстен чыгарбоо керектигин айтты.


Ал эми Жанна Отунбаева коопсуздукту камсыз кылуу процесстерине жарандык коомду, аялдарды жана жаштарды тартуунун маанилүүлүгүн баса белгиледи.


Иш-чара пикир алмашууга жана биргелешип өнүгүүнүн жаңы жолдорун табууга мүмкүндүк берди. Жыйынтыгында симпозиум Кытай менен Борбордук Азия өлкөлөрүнүн ортосундагы өнөктөштүктү тереңдетүүдөгү маанилүү учур болуп, көп тараптуу кызматташтык глобалдык чакырыктарды чечүүдө жана региондогу туруктуу гүлдөп-өнүгүүгө көмөктөшүүдө натыйжалуу курал боло аларын көрсөттү.