Мектеп тамак-ашынын программасы боюнча семинар: Кыргыз Республикасында мектеп окуучуларынын тамак-ашын оптималдаштыруу үчүн пландар жана иш-чаралар

May 15, 2024, 07:58

2024-жылдын-майында КРдагы Дүйнөлүк азык-түлүк программасы жана  Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги уюштурган мектеп тамак-ашынын программасы боюнча семинар өттү. «Роза Отунбаеванын демилгеси» фонду иш-чаранын өнөгү болду.

 

Семинардын максаты – 2024-жылдан тартып 2027-жылга чейини мезгилде мектеп тамак-ашын оптималдаштыруу боюнча пландарды жана иш-чараларды сунуш кылуу.

 

Иш-чарага КР Билим берүү жана илим министрлигинин борбордук жана райондук деңгээлдердеги өкүлдөрү, анын ичинде райондук жана шаардык билим берүү уюмдарынын мектеп тамак-ашы боюнча жооптуу 61 адиси катышты. Ошондой эле КР Саламаттык сактоо министрлигинин, эл аралык уюмдардын (ЮНИСЕФ, ФАО), эл аралык финансылык уюмдардын, тармактык тамак-аш институтунун жана БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын өкүлдөрү катышты.

 

Семинарга төмөнкүдөй негизги темалар сунуш кылынды: Бириккен Улуттар Уюмунун Кыргыз Республикасындагы Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын соңку 10 жылда мектеп тамак-ашын оптималдаштыруусун презентациялоо; туруктуулукту изилдөөнү презентациялоо, саясат боюнча сунуштамалар жана методологиялык кеңештер; Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык билим берүү уюмдарында мектеп тамак-ашын уюштуруу жөнүндө жобону кароо жана талкуулоо; «Билим берүү жөнүндө» Мыйзам жана мектеп тамак-ашы жөнүндө жаңы жобо менен таанышуу; мектеп тамак-ашынын жаңы менюсуна жана эсепке алуу системасына окутуу.